Суусамырда 5 миң форель чабагы дарыяларга коё берилди
Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу Балык өнөр жайы комплекси департаменти тарабынан балыктандыруу иш-чарасы өткөрүлдү. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинен билдиришти.
Анын алкагында Чүй облусунун Суусамыр өрөөнүндөгү Суусамыр жана Көкөмерен дарыяларына куйган сууларга Ысык-Көл жилингири (форель) балыгынын 5 миң даана чабактары коё берилди.
Бул иш-чара суу биоресурстарын сактоо жана көбөйтүү боюнча мамлекеттик саясаттын алкагында жүргүзүлүүдө. Балыктандыруу табигый суу объектилериндеги балык ресурстарын калыбына келтирүүнүн эффективдүү ыкмаларынын бири болуп саналат.
Мындай иштер экологиялык абалды жакшыртууга, биологиялык ар түрдүүлүктү сактоого жана суу экосистемаларынын туруктуулугун камсыз кылууга багытталган. Ошондой эле аймактагы балык чарбасын өнүктүрүүгө жана жергиликтүү калктын экономикалык мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүгө өбөлгө түзөт.
Белгилей кетсек, балыктандыруу иш-чаралары мындан ары да системалуу түрдө улантылат.