Улуттук банктын экс-төрагасы Мелис Тургунбаев кармалды
КРнын Улуттук банкынын мурдагы төрагасы Мелис Тургунбаев кармалды. Бул тууралуу Kaktus.media басылмасы күч түзүмдөрүнөн алган маалыматка таянып билдиришти.
Андагы маалыматка ылайык, 25-март күнү КРнын Ички иштер министрлигинин тергөө кызматы тарабынан Мелис Тургунбаев “Кыргызнефтегаз” иши боюнча күбө катары суракка чакырылган. Сурактын жыйынтыгында, Тургунбаев Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына киргизилген.
Белгилей кетсек, Мелис Тургунбаев 2013-2020-жылдары мамлекеттик “Кыргызнефтегаз” ишканасынын Директорлор кеңешинин мүчөсү, төрагасы болуп, 2020-2021-жылдары Башкармалыктын төрагалыгын аркалаган. Ал эми Улуттук банктын төрагасы кызматына 2024-жылдын июнь айында дайындалып, 2026-жылдын март айына чейин иштеген. Ага чейин КРнын жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министри кызматын да аркалап келгендиги белгилүү.