Бишкекте турак үйлөрдүн жанында убактылуу курулмаларга тыюу салынды
Бишкек шаарында көп кабаттуу турак үйлөрдүн жанындагы жер тилкелерине жеңилдетилген типтеги объекттерди орнотууга убактылуу тыюу салынды. Бул тууралуу Курулуш министрлигинен билдиришти.
Бул чечим Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлиги тарабынан тургундардын кайрылууларынын негизинде кабыл алынган. Максат — шаардын архитектуралык көрүнүшүн сактоо, жашыл аймактарды жана тротуарларды бош кармоо, ошондой эле объекттердин башаламан жайгашуусун алдын алуу.
Тыюу суу автоматтарынан башка күркөлөргө, павильондорго, бастырмаларга, металл тенттерге, гараждарга жана башка убактылуу курулмаларга тиешелүү. Ошондой эле мындай объекттерди орнотууга уруксат берүү жана алардын мөөнөтүн узартуу да убактылуу токтотулду.
Бул талаптар тиешелүү ченемдик укуктук акт күчүнө киргенге чейин колдонулат. Анын аткарылышын Мамлекеттик архитектура-курулуш контролдоо департаменти көзөмөлдөйт.


