Финансылык кылмыштарга каршы күрөш: Кыргызстан ЭВФ менен кызматташат
Кыргыз Республикасынын Башкы прокурорунун орун басары З. Акназаров Эл аралык валюта фондунун (ЭВФ) миссиясынын өкүлдөрү менен жолугушту. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти.
Жолугушууда коррупция, уюшкан кылмыштуулук жана салыктык укук бузууларга каршы күрөшүү, ошондой эле мыйзамсыз кирешелерди адалдоого каршы иликтөөлөрдүн натыйжалуулугун жогорулатуу маселелери талкууланды.
Ошондой эле 2025–2030-жылдарга карата коррупцияга каршы стратегияны ишке ашыруу, финансы чалгындоо органдары менен кызматташуу жана трансчегаралык финансылык кылмыштарды иликтөө маселелерине көңүл бурулду.
Жыйынтыгында тараптар конструктивдүү диалогду улантып, кызматташтыкты мындан ары бекемдөөгө кызыкдар экендиктерин билдиришти.

