Ак-Сууда 75 млн сомдук мүлк мамлекетке кайтарылды
Ак-Суу райондук прокуратурасы мамлекеттик менчик боюнча мыйзамдардын сакталышын текшерүүнүн жыйынтыгында бир катар мыйзам бузууларды аныктады. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти.
Тактап айтканда, 1993-жылы 2 гектар жер аянтында жайгашкан 4 корпустуу “Алтын-Булак” санаторийи жана 2021-жылы Каракол айыл аймагындагы 0,51 гектар жер тилкеси мыйзамсыз түрдө жеке менчикке өткөрүлүп кеткендиги белгилүү болду.
Прокурордук чаралардын негизинде базар баасы 71,6 млн сомду түзгөн санаторий жана 3,43 млн сомдук жер тилкеси мамлекетке кайтарылды.
Прокуратура тарабынан мамлекеттик менчикти коргоо боюнча иштер улантылууда.