Бишкекте “акылдуу” көчө жарыктандыруу долбоору ишке кире баштады
Күн мурун Бишкек шаарынын мэриясында мэр Айбек Джунушалиев жана Президентинин кеңешчиси Чолпонбек Абыкеев “Ai-smart” компаниясынын өкүлдөрү менен жолугушуу өткөрүштү. Бул тууралуу муниципалитеттен билдиришти.
Жолугушууда көчө жарыктандыруусунун инновациялык тирөөчтөрүн орнотууга багытталган пилоттук долбоор сунушталды. Долбоор архитектуралык жарыктандырууну, энергияны үнөмдөөчү технологияларды жана санариптик инфраструктура элементтерин айкалыштырып, шаардык чөйрөнү жакшыртууга багытталган заманбап чечим болуп саналат.
Маалым болгондой, пилоттук долбоордун алкагында “Bishkek Park” соода-оюн-зоок борборунун аймагына 8 тирөөч жана 8 заманбап жарыктандыруу прожектору орнотулган.
Айбек Джунушалиев долбоордун келечеги кең экенин белгилеп, мындай технологиялар шаардагы бир катар актуалдуу маселелерди чечүүгө жардам берерин айтты. Ошол эле учурда ал долбоордун экономикалык жагын кылдат талдоо, анын каржылык натыйжалуулугун баалоо жана каржылоо булактарын аныктоо маанилүү экенине токтолду.
Жыйынтыгында мэр долбоордун өкүлдөрүнө ыраазычылык билдирип, Бишкек мындай технологияларды ишке киргизүүнү баштаган Борбор Азиядагы алгачкы шаарлардын бири экенин баса белгиледи. Ал ошондой эле муниципалитет долбоорду мындан ары да изилдеп, негиздүү чечим кабыл алуу үчүн ар тараптуу талдоону улантарын билдирди.
Учурда Бишкек мэриясы долбоорду кеңейтүү жана шаардык инфраструктурага интеграциялоо мүмкүнчүлүктөрүн баалоо максатында тараптар менен жолугушууларды улантууну пландаштырууда.


