Чүйдө 30,4 млн сомдук жер тилкеси мамлекетке кайтарылды
Чүй районунун прокуратурасы жер мыйзамдарынын сакталышы боюнча жүргүзгөн текшерүүнүн жүрүшүндө мыйзам бузуу фактыларын аныктады. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти.
Тактап айтканда, 2007-жылы Биримдик айыл аймагында спорттук курулуштар үчүн каралган 2,2 гектар жер тилкеси мыйзам талаптарын одоно бузуу менен жеке жактарга берилип кеткендиги белгилүү болду.
Текшерүүнүн жыйынтыгында прокурордук чара көрүү актысы кабыл алынып, жалпы баасы 30,4 миллион сомду түзгөн 2,2 гектар жер тилкеси мамлекеттин балансына кайтарылды.
Прокуратура белгилегендей, социалдык жана маданий багыттагы объекттер өзүнүн максаттуу багыты боюнча пайдаланылышы керек. Мындай мүлктөр мыйзамсыз менчиктештирилген учурда, алар мыйзамга ылайык мамлекетке кайтарылат.