Чүйдө 663 млн сомдук жер тилке мамлекетке кайтарылды
Чүй облусунун прокуратурасы тарабынан жүргүзүлгөн текшерүүнүн жыйынтыгында мыйзамсыз менчикке өтүп кеткен жер тилке мамлекетке кайтарылды. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 2011-жылы Аламүдүн районунун Таш-Дөбө айыл өкмөтүнүн кызмат адамдары Орто-Сай айылында жайгашкан 0,75 гектар жер тилкесин мыйзамсыз түрдө жеке менчикке сатып жиберишкен.
Прокурордук чара көрүү актысынын негизинде аталган жер тилке кайра мамлекеттин карамагына өткөрүлдү. Анын жалпы баасы 663 миллион 862 миң 500 сомду түзөт.
Прокуратурадан белгилешкендей, жер мыйзамдарынын сакталышын камсыз кылуу багытындагы иштер улантылууда.