Кыргызстандын айдоочулук күбөлүктөрүн жасалмалоо дээрлик мүмкүн эмес
КРнын айдоочулук күбөлүктөрү эл аралык стандарттарга толук шайкеш келет. Бул тууралуу “Кабар” МАде өткөн маалымат жыйынында КРнын Тышкы иштер министринин орун басары Алмаз Имангазиев билдирди. Анын айтымында, жаңы үлгүдөгү айдоочулук күбөлүктөр тууралуу маалымат чет өлкөлөргө дипломатиялык каналдар аркылуу жеткирилген.
Учкун ишканасынын башкы директору Бакытбек Султанов улуттук айдоочулук күбөлүктөр заманбап технологиялар менен даярдаларын белгиледи. Анын айтымында, күбөлүктөр жогорку деңгээлдеги коргоо элементтерине ээ жана атайын немис жабдууларында чыгарылат.
Ар бир күбөлүк 7 катмардан турат жана 34 коргоо элементке ээ болгондуктан, аны жасалмалоону дээрлик мүмкүн эмес. Бир күбөлүктүн өздүк наркы болжол менен 3 еврону түзсө, жарандар үчүн акыркы баасы 500 сомго айланат.
Маалыматка ылайык, мамлекеттик ишканада документтерди чыгаруу сапатты көзөмөлдөөгө жана бааны жеткиликтүү деңгээлде кармоого шарт түзөт. 2026-жылдын 15-январынан бери «Учкун» ишканасы 300 миң айдоочулук күбөлүк даярдаган, дагы ушунча бланк иштеп чыгуу процессинде.