Мэрия: Мектепке жасалма каттоо мыйзам бузуу болуп саналат

Мэрия: Мектепке жасалма каттоо мыйзам бузуу болуп саналат

Бишкек шаарынын мэриясынын Билим берүү департаменти ата-энелерди балдарын белгилүү мектептерге киргизүү максатында жасалма каттоого (пропискага) жол бербөөгө чакырат.

Маалыматка ылайык, мектептен орун алуу үчүн каттоону сатып алуу же жасалма түрдө уюштуруу фактылары текшерүүгө алынат. Өткөн окуу жылында бир дарек боюнча бир нече үй-бүлө катталган учурлар аныкталган.

Мындай мыйзам бузуу үчүн жоопкерчилик каралган.

Департамент ошондой эле бардык мектептерде окуу программалары мамлекеттик стандарттарга ылайык бирдей экенин эскертет. Бул жагынан алганда, баланын кайсы мектепте окуганы эмес, анын коопсуздугу, саламаттыгы жана ыңгайлуулугу маанилүү.

Ушуга байланыштуу ата-энелерге балдарын жашаган жерине жакын жайгашкан мектептерге берүү сунушталат.

Мындан тышкары окуңуз

Бишкекте “акылдуу” көчө жарыктандыруу долбоору ишке кире баштады

Бишкекте “акылдуу” көчө жарыктандыруу долбоору ишке кире баштады

Күн мурун Бишкек шаарынын мэриясында мэр Айбек Джунушалиев жана Президентинин кеңешчиси Чолпонбек Абыкеев “Ai-smart” компаниясынын өкүлдөрү менен жолугушуу өткөрүштү. Бул тууралуу муниципалитеттен билдиришти. Жолугушууда көчө жарыктандыруусунун инновациялык тирөөчтөрүн орнотууга багытталган пилоттук долбоор сунушталды. Долбоор архитектуралык жарыктандырууну, энергияны үнөмдөөчү технологияларды жана санариптик инфраструктура элементтерин айкалыштырып, шаардык чөйрөнү жакшыртууга багытталган зама

Мамлекеттик жер тилкесин мыйзамсыз жеке менчикке чыгаргандар аныкталды

Мамлекеттик жер тилкесин мыйзамсыз жеке менчикке чыгаргандар аныкталды

Кара-Суу районунда жер тилкелерин мыйзамсыз жеке менчикке чыгаруу фактысы аныкталганын УКМКнын басма сөз кызматы билдирди. Комитеттин маалыматына ылайык, Ош облусунун Кара-Суу районундагы Манас (мурдагы Нариман) айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн жана Жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография мамлекеттик агенттигинин Кара-Суу филиалынын кызмат адамдарынын мыйзамсыз ишмердүүлүгү токтотулду. Алар жер тилкелерин мыйзамсыз түрдө

Бишкекте 100 мыкты адис аныкталат

Бишкекте 100 мыкты адис аныкталат

Бишкекте 31-мартта Top-100 KYRGYZSTAN Улуттук каталогу боюнча расмий сыйлык тапшыруу аземи өтөт. Бул жыл сайын өткөрүлүүчү долбоор өлкөдөгү лидерлердин кесиптик жетишкендиктерин таанууга жана алардын ишкердик аброюн бекемдөөгө багытталган. Долбоор ишкерлерди, жетекчилерди, эксперттерди жана коомдук ишмерлерди бириктирип, жетишкендиктерди көрсөтүүгө, ишкер байланыштарды өнүктүрүүгө жана таанымалдуулукту жогорулатууга мүмкүнчүлүк берген ачык платформаны түзөт. Кеченин

Ат-Башыда 5,3 млн сомдук мыйзам бузуу аныкталды

Ат-Башыда 5,3 млн сомдук мыйзам бузуу аныкталды

Нарын облусунун Ат-Башы районунда атайын техника сатып алуу учурунда мыйзам бузуулар аныкталып, мамлекетке ири өлчөмдө зыян келтирилгени белгилүү болду. УКМКнын маалыматына ылайык, Ат-Башы айыл аймагында 2025-жылдын апрель айында таштанды ташуучу унаа жана кран-манипулятор сатып алуу боюнча тендер өткөрүлгөн. Анын жыйынтыгында “В” ЖЧКсы жеңүүчү болуп, 10 млн 863 миң сомдук келишим