“Социалдык контракт”: 48 миңден ашык үй-бүлөгө колдоо көрсөтүлдү

“Социалдык контракт”: 48 миңден ашык үй-бүлөгө колдоо көрсөтүлдү

Кыргызстанда жакыр жана аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдү колдоого багытталган “Социалдык контракттын негизинде социалдык жардам көрсөтүү” программасы ийгиликтүү ишке ашууда. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинен билдиришти.

Бул демилге 2022-жылдан бери иштеп келет. Анын негизги максаты — жарандардын жашоо-шартын жакшыртуу жана өз алдынча иш менен камсыз болушуна шарт түзүү.

Маалыматка ылайык, 2022–2025-жылдары жалпы 48 миң 557 социалдык контракт түзүлгөн. Программанын басымдуу бөлүгү айыл чарба тармагына туура келип, ошондой эле өндүрүш, соода жана кызмат көрсөтүү багыттарында да ишке ашырылган.

Мониторингдин жыйынтыгында катышуучулардын 94,2%ы айыл жеринде жашаган аялдар экени аныкталган. Долбоордун алкагында 57 миңден ашык жаңы жумуш орду түзүлүп, 228 миңден ашык жарандын жашоо-шарты жакшырган. Айрым үй-бүлөлөрдүн жылдык кирешеси 1 миллион сомдон ашканы белгиленди.

2025-жылы бир жолку социалдык жардамдын көлөмү 150 миң сомго чейин көбөйтүлгөн. Ал эми 2026-жылы 13 миң 334 үй-бүлө менен социалдык контракт түзүү пландалып, бул максатта 2 млрд сомдон ашык каражат каралган.

2026-жылдын 1-мартына карата 607 социалдык контракт түзүлүп, учурда арыздарды кабыл алуу жана катышуучуларды тандоо иштери уланууда.

Кошумча колдоо чарасы катары 2024-жылдан тартып программа катышуучуларына пайызсыз кредит берүү башталган. Мамлекеттик банктар аркылуу 200 миң сомго чейин 3 жылдык мөөнөткө кредит алуу мүмкүнчүлүгү түзүлгөн.

Акыркы эки жылда мындай колдоону 1200дөн ашык катышуучу пайдаланып, программа алкагында республика боюнча 1329 чакан ишкана ачылган.

Мындан тышкары окуңуз

Кыргызстанда ун өндүрүшү 50% гана кубаттуулукта иштеп жатат

Кыргызстанда ун өндүрүшү 50% гана кубаттуулукта иштеп жатат

Бүгүн Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Эрлист Акунбеков "Кыргыз Республикасынын ун өндүрүүчүлөр ассоциациясынын" өкүлдөрүнүн катышуусунда кеңешме өттү. Бул тууралуу ведомстводон билдиришти. Жыйынга мамлекеттик органдардын жана Ун өндүрүүчүлөр ассоциациясынын өкүлдөрү катышып, азык-түлүк коопсуздугу, баалардын туруктуулугу жана тармактын туруктуу иштеши маселелери каралды. Кеңешменин жүрүшүндө Казакстан

Кыргызстан ЕАЭБ стандарттарын 93% деңгээлде аткарууда

Кыргызстан ЕАЭБ стандарттарын 93% деңгээлде аткарууда

Күн мурун Экономика жана коммерция министрлигинде Бажы биримдиги (ББ) жана Евразия экономикалык биримдигинин (ЕАЭБ) техникалык регламенттерин ишке ашыруу боюнча жыйын өттү. Бул тууралуу ведомстводон билдиришти. Жыйындын жүрүшүндө техникалык регламенттердин аткарылышы, шилтеме ченемдеринин ишке ашырылышы жана көйгөйлүү маселелер каралды. Маалыматка ылайык, учурда ЕАЭБ алкагында 53 техникалык регламент кабыл алынып, алардын 48и

Кыргызстанда жеке маалыматтарды мыйзамсыз иштетүүгө 120 миң сомго чейин айып пул салуу каралып жатат

Кыргызстанда жеке маалыматтарды мыйзамсыз иштетүүгө 120 миң сомго чейин айып пул салуу каралып жатат

Жогорку Кеңешине Укук бузуулар жөнүндө кодекске өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу мыйзам долбоору сунушталды. Ал жеке маалыматтар чөйрөсүндөгү мыйзам бузуулар үчүн жоопкерчиликти күчөтүүгө багытталган. Документ жаңы берене киргизүүнү карайт. Ага ылайык, жеке маалыматтарды мыйзамсыз иштетүү, сактоо, өткөрүп берүү жана таратуу үчүн жоопкерчилик белгиленет. Тактап айтканда, жеке маалыматтарды коргоо талаптарын бузгандыгы үчүн: * жеке

Ысык-Көлдө жол курулуштары текшерилди

Ысык-Көлдө жол курулуштары текшерилди

Транспорт жана коммуникациялар министринин биринчи орун басары Тариэль Жаныбеков иш сапары менен Ысык-Көл облусундагы жол курулуш иштеринин жүрүшү менен таанышты. Министрликтин маалыматына ылайык, ал буга чейин берилген тапшырмалардын аткарылышын текшерип, инвестициялык долбоорлордун жана жол тейлөө ишканалары тарабынан жүргүзүлүп жаткан иштерди жеринде көрдү. Жаныбеков алгач Балыкчы–Барскоон унаа жолундагы курулуш иштерин