Бишкекте коопсуздук талаптарын бузган курулушка 200 миң сом айып салынды
Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигине караштуу Мамлекеттик архитектура-курулуш контролдоо департаменти видео кайрылуунун негизинде Бишкек шаарындагы курулуш объектисин текшерди.
Министрликтин маалыматына ылайык, текшерүүнүн жыйынтыгында Д.Садырбаев көчөсү 174-176 дарегинде жайгашкан 15 кабаттуу турак үйдүн курулушунда айрым жерлерде коргоочу конструкциялар орнотулбаганы аныкталып, бул жарандар үчүн кооптуу жагдай жаратканы белгиленди.
Натыйжада, курулуш иштерин жүргүзүп жаткан "Алип Строй" ЖЧКсына 200 миң сом айып пул салынып, кемчиликтер толук жоюлганга чейин курулуш иштери убактылуу токтотулду.


