Бишкекте сейил бактарда соода объекттерин жайгаштыруунун тартиби түшүндүрүлдү

Бишкекте сейил бактарда соода объекттерин жайгаштыруунун тартиби түшүндүрүлдү

Бишкек шаарында сейил бактарда жана аянттарда соода жана көңүл ачуу объекттерин жайгаштыруу муниципалдык мүлктү башкаруу боюнча мыйзамдарга ылайык жүргүзүлөт. Бул тууралуу муниципалитеттен билдиришти.

Тиешелүү жобого ылайык, аянты 5 чарчы метрге чейинки стационардык эмес жана көчмө объекттер үчүн орундар түз берүү жолу менен берилет. Жайгаштыруу бекитилген чиймеге (схемага) негизделип, анда объекттердин түрү, саны жана так жайгашкан жери көрсөтүлөт.

Бул чиймелер жашыл аймактарды сактоо талаптарын жана шаардык көрктөндүрүү нормаларын эске алуу менен иштелип чыгып, жылына бир жолу атайын комиссия тарабынан бекитилет.

Белгиленген эрежелердин аткарылышы райондук администрациялар тарабынан көзөмөлдөнүп, мыйзам бузуулар аныкталса, тиешелүү чаралар көрүлөт.

Муниципалитет ишкерлерди талаптарды сактоого жана объекттерди белгиленген жерлерде гана жайгаштырууга чакырат.

Мындан тышкары окуңуз

Ошто масштабдуу финансылык жарманке болуп өттү

Ошто масштабдуу финансылык жарманке болуп өттү

“Дүйнөлүк акча жумалыгы – 2026” иш чарасынын алкагында, ОшМУда масштабдуу финансылык жарманке болуп өттү. Ишчарага Улуттук банк ЕККУ, ИИМ, Депозиттерди коргоо боюнча агенттиктин, финансы секторунун өкүлдөрү менен биргеликте студенттер, окуучулар жана шаар тургундарынан турган 500дөн ашуун киши катышты. Улуттук банктын Коомчулук менен иш алып баруу бөлүмүнөн кабарлагандай, жарманкенин жүрүшүндө финансылык сабаттуулук

Фучиктеги авариялык үйлөр: тургундарга эки вариант сунушталды

Фучиктеги авариялык үйлөр: тургундарга эки вариант сунушталды

Бишкек шаарынын мэри Айбек Джунушалиев Фучик көчөсүндөгү авариялык абалдагы №18, 20 жана 22-үйлөрдүн тургундары менен кайрадан жолукту. Муниципалитеттин маалыматына ылайык, жолугушууда шаар башчысы турак жай маселеси боюнча акыркы чечимди тургундар өз ара макулдашып кабыл алышы керектигин белгиледи. "Сиздер алгач өз ара кеңешип, батирлерди МИК аркылуу алууну каалайсыздарбы же үйлөрдү

"Манас" аэропортунун жанында заманбап мечит курулат

"Манас" аэропортунун жанында заманбап мечит курулат

"Манас" эл аралык аэропортунун аймагында 200-300 адамды батыра алган заманбап мечит куруу пландалууда. Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынан билдиришкендей, бул маселе муфтий Абдулазиз Закиров менен "Кыргызстан аэропорттору" ААК башкармалыгынын төрагасы Манасбек Самидиновдун жолугушуусунда айтылды. Анда мечиттин курулуш долбоору, курулуш графиги, имараттын архитектуралык өзгөчөлүктөрү жана шарттары кеңири талкууланды.

Ошто баалар көзөмөлдө: күн сайын мониторинг жүргүзүлүүдө

Ошто баалар көзөмөлдө: күн сайын мониторинг жүргүзүлүүдө

Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын Ош шаары боюнча бөлүмү базарларда жана соода түйүндөрүндө социалдык маанилүү товарлардын жана күйүүчү-майлоочу материалдардын (КММ) баасына күн сайын мониторинг жүргүзүүдө. Бул тууралуу аталган кызматтан билдиришти. Бул иштер Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Э.А. Акунбековдун тапшырмасын аткаруунун алкагында жүргүзүлүүдө. Мониторингдин