Кыргызстан менен Казакстан социалдык-эмгек тармагында кызматташууну чыңдайт
Күн мурун Астана шаарында Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Канат Сагынбаев Казакстандын эмгек жана калкты социалдык коргоо министри Аскарбек Ертаев менен жолугушту.
Ведомствонун маалыматына ылайык, жолугушууда социалдык-эмгек тармагындагы кызматташтыктын актуалдуу маселелери талкууланды. Алардын ичинде мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдү санариптештирүү, эмгек миграциясын жөнгө салуу жана жарандардын социалдык укуктарын камсыз кылуу маселелери бар.
Тараптар тажрыйба алмашууга жана артыкчылыктуу багыттар боюнча өз ара аракеттенүүнү өнүктүрүүгө кызыкдар экенин билдиришип, кызматташууну мындан ары да чыңдоого даяр экендиктерин белгилешти.
Жолугушуунун жыйынтыгында иш байланыштарды улантуу жана аракеттерди координациялоо боюнча макулдашууга жетишилди.
Ошондой эле сапардын алкагында кыргыз делегациясы Казакстандын тиешелүү мекемелеринин ишмердүүлүгү менен таанышууда.
