Кыргызстан менен Түркия агроөнөр жай тармагында кызматташууну күчөтөт
Кыргызстандын Түркиядагы Соода өкүлү Чыңгыз Эсенгул уулу OSTİM уюшкан өнөр жай аймагынын башкармалыгынын төрагасы Орхан Айдын менен жолугушту. Бул тууралуу Экономика жана коммерция министрлигинен билдиришти.
Жолугушууда кыргыз-түрк соода-экономикалык мамилелерин өнүктүрүү, өнөр жай тармагындагы кызматташтыкты кеңейтүү жана биргелешкен инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруу маселелери талкууланды.
Өзгөчө көңүл агроөнөр жай секторуна бурулуп, өрүк, жаңгак жана алма сыяктуу айыл чарба продукцияларын кайра иштетүү боюнча заманбап ишканаларды түзүү мүмкүнчүлүктөрү каралды.
Ошондой эле чийки зат өндүрүүчүлөрдү, кайра иштетүүчүлөрдү жана экспортко багытталган компанияларды бириктирген кластердик ыкманы колдонуу зарылдыгы белгиленди.
Жыйынтыгында тараптар биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууга даяр экенин билдирип, кызматташууну активдештирүүгө макулдашышты.