ӨКМ министри гидромет жана токой кызматтарынын ишин текшерди
Өзгөчө кырдаалдар министри Канатбек Чыныбаев Ош шаарына болгон иш сапарынын алкагында Гидрометеорология жана Токой кызматтарынын ишмердүүлүгү менен таанышты. Бул тууралуу ведомстводон билдиришти.
Жолугушууда аба ырайын божомолдоо, өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана материалдык-техникалык базаны чыңдоо маселелери каралды.
Министр адистер менен жолугуп, иштин сапатын жогорулатуу жана ыкчам аракеттерди күчөтүү боюнча конкреттүү тапшырмаларды берди.
Ошондой эле токой чарбаларынын ишине өзгөчө көңүл бурулуп, токой өрттөрүнүн алдын алуу, жаратылышты коргоо жана калыбына келтирүү багытында милдеттер коюлду.


