Сокулукта 45 млн сомдук жер тилкелер мамлекетке кайтарылды
Сокулук районунун прокуратурасы тарабынан жүргүзүлгөн текшерүүнүн жыйынтыгында Манас айыл өкмөтүнө караштуу Семетей жаңы конушунда мыйзам бузуулар аныкталды.
Башкы прокуратуранын маалыматына ылайык, 2021-жылы калктуу конуштарга тиешелүү 0,88 гектар жер тилкеси мыйзам талаптарын бузуу менен 22 жаранга жеке менчикке берилип кеткен.
Көрүлгөн прокурордук чаралардын натыйжасында жалпы баасы 45 млн 832 миң 283 сомду түзгөн жер тилкелер мамлекеттик менчикке кайтарылды.