Жол тейлөө ишканаларынын аймагында сейил бактар уюштурулат
Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин мекеме-ишканаларынын жана республика боюнча Жол тейлөө ишканаларынын, Жол оңдоо пункттарынын аймагында сейил бактар уюштурулат. Бул тууралуу ведомстводон билдиришти.
Сейил бактардын аянты 1 гектардан кем болбой, эс алуу үчүн бардык шарттар каралат. Аймактарга мөмө берүүчү бактар отургузулуп, гүлдөр тигилип, айлана-тегереги көрктөндүрүлөт.
Бул чечим "Жашыл мурас" долбоорунун алкагында министр Талантбек Солтобаевдин тапшырмасы менен кабыл алынган.
Ошондой эле талаптар жол куруу багытындагы инвестициялык долбоорлорго да милдеттендирилди.
Белгиленгендей, быйыл министрлик тарабынан 14 миң бак отургузуу пландалууда.