Ысык-Көлдөн жыл башынан бери 9 900 метр тор, 160 кг таштанды чыгарылды
ӨКМдин Суучулдар кызматы тарабынан Ысык-Көлдө тазалоо иштери активдүү жүргүзүлүүдө. Учурда адистер көлдүн Түп районуна караштуу айыл аймактарында суу түбүнөн балык уулоочу торлорду жана ар кандай таштандыларды тазалоо иштерин улантып жатышат.
Маалыматка ылайык, жыл башынан бери жүргүзүлгөн иштердин алкагында көл түбүнөн жалпысынан 9900 метр мыйзамсыз балык уулоочу тор жана 160 килограммга жакын ар кандай таштандылар чыгарылды.
Тазалоо иштери мындан ары да улантылып, көл аймагын таштандылардан арылтуу боюнча иштер күчөтүлөрү белгиленди.