Бишкекте "экинчи Ботаникалык бак" түзүлөт

Бишкекте "экинчи Ботаникалык бак" түзүлөт

Бишкек шаарынын мэри Айбек Джунушалиев "Бишкекжашылкурулуш" муниципалдык ишканасынын питомнигине барып, отургузууга даярдалган көчөттөр менен таанышты. Бул тууралуу муниципалитеттен билдиришти.

Учурда питомниктин аймагына болжол менен 50 миң даана көчөт алынып келинген. Анын ичинен бүгүнкү күнгө чейин 30 миң даана дарак көчөтү отургузулду.

Шаар башчысы иштердин ылдамдыгын күчөтүүнү тапшырды. Айрыкча инфраструктураны жакшыртуу, кызматкерлер жана келген жарандар үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүү, эс алуу зоналарын уюштуруу жана бул аймакты "экинчи Ботаникалык бакка" айландыруу милдети коюлду.

Мындан тышкары, көчмө жыйындын алкагында шаар боюнча иштерди жүргүзүү үчүн ишканага 12 даана жаңы атайын техника берилди. Алардын катарына автокран, кичи-экскаватор, фронталдык жүктөгүч, экскаватор, манипулятор жана газондорду тейлөөчү техникалар кирет.

Мындан тышкары окуңуз

Куралдуу күчтөрдүн жаңы штабынын курулушу башталды

Куралдуу күчтөрдүн жаңы штабынын курулушу башталды

Бүгүн Куралдуу күчтөрдүн 8-гвардиялык мотоаткычтар дивизиясынын жаңы штабынын курулушуна капсула салуу аземи болуп өттү. Бул тууралуу Коргоо министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, салтанаттуу иш-чарага коргоо министри Руслан Мукамбетов катышып, куттуктоо сөзүн сүйлөдү. Азем дивизиянын өздүк курамынын катышуусунда өткөрүлдү. Министрликтен белгилешкендей, капсула салуу аскердик инфраструктураны өнүктүрүүнүн жана өлкөнүн коргонуу жөндөмдүүлүгүн чыңдоонун маанилүү

Кыргызстан Иранга 129 тонна гуманитардык жардам жөнөттү

Кыргызстан Иранга 129 тонна гуманитардык жардам жөнөттү

Президент Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен Кыргыз элинин атынан Иран Ислам Республикасына жөнөтүлгөн гуманитардык жардам кербени Өзбекстан Республикасынын аймагына жетти. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматынан билдиришти. Жети оор жүк ташуучу унаадан турган колоннаны Өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары, полковник Алмаз Асанов жетектөөдө. Ал эми гуманитардык жардамды жеткирүү процесси Өзгөчө кырдаалдар

Мэрдин катышуусунда Бишкекте 740 дарак отургузулду

Мэрдин катышуусунда Бишкекте 740 дарак отургузулду

Бишкек шаарындагы "Адинай" паркында борбор калаанын мэриясынын борбордук аппаратынын кызматкерлери Октябрь райондук администрациясынын өкүлдөрү менен биргеликте массалык дарак отургузуу иш-чарасын өткөрүштү. Иш-чарага шаар мэри Айбек Джунушалиев катышты. Бул тууралуу муниципалитеттен билдиришти. Ошондой эле бул иш-чарага Бишкек шаардык кеңешинин төрагасы Бекжан Усеналиев да катышты. Анын алкагында "Адинай"

Бишкекте жаңы “Ордер” санариптик системасы ишке кирди

Бишкекте жаңы “Ордер” санариптик системасы ишке кирди

Бишкек шаарынын мэриясына караштуу "Санариптик технологиялар борбору" муниципалдык ишканасы жаңы "Ордер" маалыматтык системасы ишке киргизилгенин расмий түрдө билдирди. Бул тууралуу муниципалитеттен билдиришти. Аталган система шаар аймагында жүргүзүлүүчү жер казуу иштерине жана башка иш-чараларга ордерлерди тариздөө, макулдашуу жана эсепке алуу процесстерин толугу менен санариптештирүү максатында иштелип чыккан.