Фучиктеги авариялык үйлөр: тургундарга эки вариант сунушталды
Бишкек шаарынын мэри Айбек Джунушалиев Фучик көчөсүндөгү авариялык абалдагы №18, 20 жана 22-үйлөрдүн тургундары менен кайрадан жолукту.
Муниципалитеттин маалыматына ылайык, жолугушууда шаар башчысы турак жай маселеси боюнча акыркы чечимди тургундар өз ара макулдашып кабыл алышы керектигин белгиледи.
"Сиздер алгач өз ара кеңешип, батирлерди МИК аркылуу алууну каалайсыздарбы же үйлөрдү оңдоп, талапка ылайык абалга келтирүүнү тандайсыздарбы – ошону тактап алышыңыздар керек", – деди мэр.
Тургундар бардык менчик ээлери менен кеңешкенден кийин жазуу жүзүндө жооп беришерин билдиришти.
Мэр ошондой эле шаар бийлиги тургундардын коопсуздугун камсыздоону негизги максат катары карай турганын белгиледи.
"Сиздер өзүңүздөр Президентке кайрылгансыздар, ошондуктан биз жардам берүү үчүн келдик. Биз сиздердин менчигиңиздерге кол салбайбыз жана чечим кабыл алууга мажбурлабайбыз", – деп белгиледи Айбек Джунушалиев.
Белгилей кетсек, буга чейин менчик ээлерине Мамлекеттик ипотекалык компания (МИК) аркылуу жеңилдетилген шартта батир алуу мүмкүнчүлүгү сунушталган. Ошондой эле мүлктү баалоо, ар бир менчик ээси менен жекече иш алып баруу жана келишимдерди түзүү каралган.


