Сокулуктагы завод 2 миң тоннадан ашык асфальт-бетон өндүрдү
Транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу “Сокулук №8” асфальт-бетон заводу жогорку өндүрүштүк кубаттуулукта иш алып барууда. Бул тууралуу ведомствонун маалымат кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, завод сезон башталгандан бери 2 миң тоннадан ашык асфальт-бетон чыгарган.
2026-жылга карата жалпысынан 60 миң тонна асфальт-бетон аралашмасын даярдоо пландалууда.
Белгиленгендей, завод Чүй облусундагы Жол тейлөө ишканаларын жол куруу иштерине керектүү көлөмдө сапаттуу асфальт-бетон менен камсыздайт.


