Бишкекте жаңы “Ордер” санариптик системасы ишке кирди
Бишкек шаарынын мэриясына караштуу "Санариптик технологиялар борбору" муниципалдык ишканасы жаңы "Ордер" маалыматтык системасы ишке киргизилгенин расмий түрдө билдирди. Бул тууралуу муниципалитеттен билдиришти.
Аталган система шаар аймагында жүргүзүлүүчү жер казуу иштерине жана башка иш-чараларга ордерлерди тариздөө, макулдашуу жана эсепке алуу процесстерин толугу менен санариптештирүү максатында иштелип чыккан. Жаңы платформаны колдонууга киргизүү арыздарды кароо мөөнөтүн кыйла кыскартып, кызмат көрсөтүүлөрдүн ачыктыгын жогорулатууга жана адам факторун минималдаштырууга шарт түзөт.
"Ордер" системасы аркылуу жарандар жана ишкерлер арыздарын электрондук форматта тапшырып, алардын аткарылыш статусун реалдуу убакыт режиминде көзөмөлдөй алышат. Мындан тышкары, керектүү уруксат берүүчү документтерди мамлекеттик органдарга барбастан, онлайн алуу мүмкүнчүлүгү камсыздалат.
Бул система Бишкек шаарынын санариптик инфраструктурасын өнүктүрүүдөгү маанилүү кадамдардын бири болуп саналат. Ал муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатын жогорулатууга, бизнес чөйрө үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүүгө жана жарандарга көрсөтүлүүчү кызматтарды жеңилдетүүгө багытталган.