Кыргызстан Иранга 129 тонна гуманитардык жардам жөнөттү
Президент Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен Кыргыз элинин атынан Иран Ислам Республикасына жөнөтүлгөн гуманитардык жардам кербени Өзбекстан Республикасынын аймагына жетти. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматынан билдиришти.
Жети оор жүк ташуучу унаадан турган колоннаны Өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары, полковник Алмаз Асанов жетектөөдө. Ал эми гуманитардык жардамды жеткирүү процесси Өзгөчө кырдаалдар министри Канатбек Чыныбаев тарабынан көзөмөлдөнүүдө.
Маалыматка ылайык, жөнөтүлгөн гуманитардык жүктүн жалпы көлөмү 129 тоннаны түзөт. Жүктөр белгиленген план боюнча 5-7 күн аралыгында дарегине жеткирилери күтүлүүдө.