Мэрдин катышуусунда Бишкекте 740 дарак отургузулду
Бишкек шаарындагы "Адинай" паркында борбор калаанын мэриясынын борбордук аппаратынын кызматкерлери Октябрь райондук администрациясынын өкүлдөрү менен биргеликте массалык дарак отургузуу иш-чарасын өткөрүштү. Иш-чарага шаар мэри Айбек Джунушалиев катышты. Бул тууралуу муниципалитеттен билдиришти.
Ошондой эле бул иш-чарага Бишкек шаардык кеңешинин төрагасы Бекжан Усеналиев да катышты. Анын алкагында "Адинай" паркына жалпысынан 200 көчөт отургузулду.
Андан соң шаар башчысы Фучик атындагы паркта көчөт отургузуу иштерин улантып, Ленин районунун кызматкерлери жана "Жаштар кыймылы" ыктыярчылары менен бирге дагы 200гө жакын дарак отургузду.
Мындан тышкары, шаардын башка райондорунда да массалык көчөт отургузуу иштери өткөрүлдү. Бүгүнкү ишембилик алкагында жалпы шаар боюнча 740 дарак отургузулду.
Белгилей кетсек, жазгы көчөт отургузуу иштери башталгандан бери борбор калаада 7 600дөн ашык дарак тигилди. Ал эми 2026-жылы Бишкек шаарынын мэриясы 20 миңден ашык жашыл көчөт отургузууну пландап жатат.





