Бишкекте филармониянын фонтандары толугу менен реконструкцияланат
Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясынын алдындагы фонтандарды реконструкциялоого даярдык көрүүнүн алкагында учурда демонтаждоо иштери жүргүзүлүүдө.
Муниципалитеттин маалыматына ылайык, демонтаж иштери аяктагандан кийин фонтан комплексин толук реконструкциялоо этапы башталат.
Долбоордун негизинде конструктивдик элементтер жаңыланып, инженердик системалар модернизацияланат. Ошондой эле айланасындагы аймак көрктөндүрүлөт.
Белгилей кетсек, фонтан комплекси акыркы жолу 2002-жылы капиталдык оңдоодон өткөн. Бул жолу объект толугу менен жаңыланып, бардык инженердик тармактар алмаштырылат.
Аталган иштер шаардык инфраструктураны жаңылоо алкагында жүргүзүлүп, борбор калаанын архитектуралык көрүнүшүн жакшыртууга жана жарандар үчүн ыңгайлуу коомдук мейкиндик түзүүгө багытталган.