Экономисттер россиялыктарды ипотеканы азыр алууга чакырууда
Азыркы учур ипотека алуу үчүн эң ылайыктуу мезгил. Мындай пикирин экономист, каржы экосистемасы “Флагмандын” негиздөөчүсү, кредиттөө жана инвестиция боюнча серепчи Эльвира Глухова “Газетой.Ru” басылмасына билдирген.
Серепчинин айтымында, азыркы мезилде негизги пайыздык чен жана рыноктук ипотеканын чени төмөндөп, ипотекалык насыялар боюнча үстөк пайыздар да акырындык менен азаюуда. Бүгүнкү күндө турак жайга берилген кредиттердин орточо пайыздык чени жылына 20%ды түзсө, 2025-жылдын март айында бул көрсөткүч 30%га чейин жеткен. Эксперттин болжолунда, жыл аягына чейин пайыздык чендер 10–14%га чейин төмөндөшү мүмкүн.
Ошол эле учурда акыркы эки жыл ичинде турак жай сунушу кескин кыскарган. Бул жагдай ипотека арзандаган учурда суроо-талаптын өсүшүнө, натыйжада батирлердин баасынын жогорулашына алып келиши мүмкүн.
"Эгерде алга карай турган болсок, азыркы учур – чындап эле салыштырмалуу орточо пайыз менен ипотека алууга жана баалар эң жогорку чекке жеткенге чейин үлгүрүүгө мүмкүнчүлүк берет", — деп белгиледи экономист Глухова.
Ошол эле кезде, Глухова учурдагы 20%дык чен менен ипотека алган учурда ай сайын төлөмдөр жогору болорун эскертти. Мисалы, кичине батир үчүн да айлык төлөм 130 миңден - 200 миң рублга чейин жетиши мүмкүн. Ошондуктан ипотека алууда баштапкы төлөм жүргүзүүгө мүмкүн болсо, кеминде 70–80% шыр төлөгөн пайдалуу болот.
Ошондой эле, пайыздык чендер мындан ары төмөндөсө, насыяны кайра каржылоо аркылуу шарттарды жакшыртууга мүмкүнчүлүк бар экени серепчи белгиледи.
Мындан тышкары, Россиянын Мамлекеттик Думасы ипотекалык камсыздандыруу үчүн балалуу үй-бүлөлөргө салык жеңилдигин киргизүү сунушун да карап жатканы маалымдалды.