Ошто коопсуздук эрежелерин бузган курулушка 200 миң сом айып салынды

Ошто коопсуздук эрежелерин бузган курулушка 200 миң сом айып салынды

Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигине караштуу Мамлекеттик архитектура-курулуш контролдоо департаментинин Ош региондук башкармалыгы Ош шаарындагы 16 кабаттуу турак жай комплексинин курулушун текшерди. Бул тууралуу ведомстводон билдиришти.

Текшерүү жарандардын кайрылуусунун негизинде Курманжан-Датка көчөсү, 54 дарегинде жайгашкан объектте жүргүзүлдү.

Анын жыйынтыгында техникалык коопсуздук эрежелеринин сакталбагандыгы, коопсуздук чараларынын жетишсиздиги жана кызматкерлер үчүн тийиштүү эмгек шарттары толук камсыздалбагандыгы аныкталды.

Натыйжада курулуш иштерин жүргүзүп жаткан “Ак-Кайың” ЖЧКсына карата административдик чаралар көрүлүп, 200 миң сом айып пул салынды.

Курулуш министрлиги белгилегендей, коопсуздук талаптарын сактабастан жүргүзүлгөн иштер адам өмүрүнө жана ден соолугуна олуттуу коркунуч жаратат. Ошондуктан курулуш жүргүзүүдө бардык нормаларды так сактоо милдеттүү.

Мындан тышкары окуңуз

Бишкек ЭЭЗинде декларациялык жалган маалыматтар аныкталды

Бишкек ЭЭЗинде декларациялык жалган маалыматтар аныкталды

Кытайдан товарларды ташып келүүдө бажы мыйзамдарын бузуу фактылары аныкталганын Мамлекеттик бажы кызматынан кабарлашты. Жеке ишкана Бишкек ЭЭЗдин “Ак-Чий” тилкесине Кытайдан товарларды ташып келүү учурунда декларацияда жалган маалыматтарды көрсөткөн. Бажылык текшерүүдө жүктүн кошумча документтеринде көрсөтүлбөгөн товарлар, анын ичинде аккумулятордук батарейкалар, электроскутерлер үчүн генераторлор жана чынжырлуу дөңгөлөктөр табылган. Ошондой эле декларацияланган товарлардын

"Кыргызстан – Борбор Азиянын энергетикалык борбору – А.Сохикян

"Кыргызстан – Борбор Азиянын энергетикалык борбору – А.Сохикян

Кыргызстан — Борбор Азиянын энергетикалык борбору экенин “Гидроэнергетика — Борбор Азия жана Каспий” эл аралык конгрессинде “Русгидро” ишканасынын эл аралык кызматташтык жана туруктуу өнүгүү боюнча директору Артем Сохикян билдирди. Ал Кыргызстан менен Россиянын энергетика тармагындагы кызматташтыгы протоколдордон же меморандумдардан эмес, эбегейсиз эмгектен жана эрктүүлүктөн башталганын белгиледи. “1960-жылдары Ленинград институтунун Нарындын кууш нугунда

Туюк чакан ГЭСи ушул айда иштеп баштайт

Туюк чакан ГЭСи ушул айда иштеп баштайт

Сокулук районунун Сары-Өзөн айыл аймагында жайгашкан Туюк чакан ГЭСинин курулуш иштери бекитилген графикке ылайык толугу менен аяктаганын Сокулук райондук мамлекеттик администрациясы билдирди. Учурда объектте акыркы даярдоо жана техникалык текшерүү иштери жүргүзүлүп жатат. Аны расмий түрдө ишке берүү жана электр энергиясын өндүрүп баштоо ушул айда башталат. “Аталган долбоорду ишке ашыруу аймактын

Россиянын күйүүчү май рыногундагы абал жакшы эмеспи?

Россиянын күйүүчү май рыногундагы абал жакшы эмеспи?

Аналитиктердин пикиринде, 1-апрелден тарта киргизилген экспортко тыюу Россиянын күйүүчү май рыногундагы абалды толук турукташтыра албайт. Анткени кошумча күйүүчү май көлөмдөрү мунайды кайра иштетүүчү заводдордун токтоп калуусуна байланыштуу "жутулуп кетерин" "Компания Уфаойл" аналитикалык тобу билдиргенин Коммерсантъ жазды. Тыюу күн сайын өлкө ичинде кошумча 6–7 миң тонна