Баткенде чек арадан көчүрүлгөн тургундар үчүн жаңы конуштар курулууда

Баткенде чек арадан көчүрүлгөн тургундар үчүн жаңы конуштар курулууда

Баткен облусунун башчысы Мамыржан Рахимов Лейлек районундагы Раззаков жана Максат айылдарына көчүрүлгөн тургундар менен жолукту. Бул тууралуу облустук өкүлчүлүктөн билдиришти.

Маалыматка ылайык, чек ара аймактарынан көчүрүлгөн жарандарды турак жай менен камсыздоо максатында Раззаков айылында 60, ал эми Максат айылында 16 үй курулуп, пайдаланууга берилген.

Жолугушуунун жүрүшүндө облус башчысы жаңы конуштардагы инфраструктуралык иштер менен таанышты. Учурда Раззаков айылында сметалык баасы 82 млн сомду түзгөн 75 орундуу бала бакчанын курулушу жүрүп жатат. Ошондой эле сугат суу системасын тартуу иштери жүргүзүлүүдө.

Мындан тышкары, жакынкы убакта айылда фельдшердик-акушердик пункт (ФАП) курулары белгилүү болду. Бул боюнча инвесторлор менен макулдашууга жетишилген. Ошондой эле кичи футбол аянтчасын куруу пландалууда.

Облус жетекчиси мындай иштер аймактагы жашоочулардын жашоо шартын жакшыртууга багытталганын белгиледи.

Мындан тышкары окуңуз

Ысык-Көлдүн Саруу айылында 226 млн сомго мектеп курулуп жатат

Ысык-Көлдүн Саруу айылында 226 млн сомго мектеп курулуп жатат

Курулуш министрлиги тарабынан Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунун Саруу айылында Ж. Чабалдаев атындагы 500 орундуу мектеп курулууда. Учурда объекттин курулушу аяктоо этабында. Бул тууралуу аталган министрликтен билдиришти. Маалыматка ылайык, мектептин курулушу 2024-жылы башталып, республикалык бюджеттин эсебинен каржыланууда. Долбоордун жалпы наркы 226,3 млн сомду түзөт. Жаңы мектептин аянты 3220 чарчы метр

Измирде Кыргызстандын инвестициялык жана ишкердик мүмкүнчүлүгү тааныштырылды

Измирде Кыргызстандын инвестициялык жана ишкердик мүмкүнчүлүгү тааныштырылды

Түркиянын Измир шаарында Кыргызстандын инвестициялык жана ишкердик мүмкүнчүлүктөрүн таанытууга арналган иш-чара өткөнүн Кыргызстандын Стамбул шаарындагы Башкы консулдугунан билдиришти. Жолугушууда эки өлкөнүн ортосундагы соода байланыштары, экспорт мүмкүнчүлүктөрү, кызматташуу багыттары жана инвестициялык долбоорлор тууралуу маалымат берилди. Катышуучулар тарабынан презентациялар көрсөтүлүп, конкреттүү долбоорлор жана кызматташтык багыттары боюнча баяндамалар жасалды. Кыргызстандын Стамбул ша

Тогуз-Тородо 6 миң даана алма көчөтү акысыз таратылды

Тогуз-Тородо 6 миң даана алма көчөтү акысыз таратылды

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин Тогуз-Торо райондук агрардык өнүктүрүү башкармалыгы тарабынан Атай айыл аймагынын Бирдик айылына 6 миң даана алма көчөтү бекер таратылып берилди. Бул тууралуу ведомстводон билдиришти. Бул иш-чара Президент Садыр Жапаровдун 2023-жылдын 20-февралындагы №20 "Бир айыл – бир продукт" улуттук экономикалык долбоору

ШКУ-2026 марафонун уюштурууга 2 млн сом бөлүнөт

ШКУ-2026 марафонун уюштурууга 2 млн сом бөлүнөт

Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиги ШКУ-2026 эл аралык марафонун уюштуруу кызматтарын сатып алуу боюнча тендер жарыялады. Мамлекеттик сатып алуулар порталынын маалыматына ылайык, бул максатка 2 млн 150 миң сом бөлүү пландалууда. Анын ичинде: * 1 млн 250 миң сом Ысык-Көл облусунун Бактуу-Долоноту айылында өтө турган марафондун ачылыш жана жабылыш аземдерин