Тогуз-Тородо 6 миң даана алма көчөтү акысыз таратылды
Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин Тогуз-Торо райондук агрардык өнүктүрүү башкармалыгы тарабынан Атай айыл аймагынын Бирдик айылына 6 миң даана алма көчөтү бекер таратылып берилди. Бул тууралуу ведомстводон билдиришти.
Бул иш-чара Президент Садыр Жапаровдун 2023-жылдын 20-февралындагы №20 "Бир айыл – бир продукт" улуттук экономикалык долбоору жөнүндө жарлыгынын алкагында уюштурулду. Анын негизинде айыл тургундарына Крипсон, Симиренко, Голден Делишес, Столовка, Белый Налив жана Ред Чиф сыяктуу алма сорттору берилди.
Долбоор Бириккен Улуттар Уюмунун Азык-түлүк жана айыл чарба уюму (ФАО) тарабынан каржыланууда.
Адистердин айтымында, мындай демилгелер бак-дарактарды көбөйтүүгө, айыл тургундары үчүн кошумча киреше булактарын түзүүгө жана айлана-чөйрөнү жакшыртууга өбөлгө түзөт.
