Ысык-Көлдүн Саруу айылында 226 млн сомго мектеп курулуп жатат
Курулуш министрлиги тарабынан Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунун Саруу айылында Ж. Чабалдаев атындагы 500 орундуу мектеп курулууда. Учурда объекттин курулушу аяктоо этабында. Бул тууралуу аталган министрликтен билдиришти.
Маалыматка ылайык, мектептин курулушу 2024-жылы башталып, республикалык бюджеттин эсебинен каржыланууда. Долбоордун жалпы наркы 226,3 млн сомду түзөт.
Жаңы мектептин аянты 3220 чарчы метр болуп, үч блоктон турат. Анда окуучулар үчүн бардык шарттар каралып, заманбап талаптарга ылайык курулууда. Азыркы учурда ички курулуш-монтаждоо иштери жүргүзүлүп жатат.
Белгилей кетсек, учурда колдонулуп жаткан мектеп 320 орунга ылайыкталганына карабастан, анда 720 окуучу билим алууда.


