Мээрим Жуманазарова Азиянын эки жолку чемпиону болду

Мээрим Жуманазарова Азиянын эки жолку чемпиону болду

9-апрелде Бишкекте өткөн спорттук күрөш боюнча Азия чемпионатынын алкагында Кыргызстандын кыз-келиндер күрөшү боюнча курама командасынын мүчөсү Мээрим Жуманазарова финалдык беттеште алтын медаль жеңип алды.

Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин маалыматына ылайык, ал 68 кг чейинки салмак ченинде күч сынашып, мелдешти чейрек финалдан баштаган. Алгачкы беттешинде кыргызстандык балбан Вьетнамдын өкүлүн 10:0 эсебинде мөөнөтүнөн мурда жеңип, жарым финалда Кытайдын спортсменин курч жана чыңалган кармашта уткан.

Ал эми чечүүчү финалдык баскычта дүйнөлүк рейтингдин лидери — Япониянын өкүлү, Азия жана дүйнө чемпиону (65 кг) Мива Морикава менен беттешип, 2:1 эсебинде жеңишке жетти.

Ал эми Айпери Медет кызы 76 кг чейинки салмак категориясында күч сынашып, кыз-келиндер күрөшү боюнча  Азия чемпионатында күмүш медаль тагынды.

Мындан тышкары окуңуз

Жаш Гвардия, Лев Толстой көчөлөрүнүн кесилишиндеги 64 объект бузулат

Жаш Гвардия, Лев Толстой көчөлөрүнүн кесилишиндеги 64 объект бузулат

Жаш Гвардия проспекти менен Лев Толстой көчөсү кесилишинде заманбап эстакадалык көпүрөнү камтыган транспорттук жол айрыгын куруу пландалып жатканын мэрия билдирди. Жүргүзүлгөн инвентаризациянын жыйынтыгында 64 объект бузулары аныкталган. Бул объектилердин арасында жеке менчикке таандык жерлер да, ошондой эле убактылуу пайдаланууга берилген муниципалдык объектилер да бар. Мындан тышкары, айрым объектилер Ала-Арча дарыясынын

Кыргызстан айрым жашылчаларды импорттоого тарифтик жеңилдиктерди алды

Кыргызстан айрым жашылчаларды импорттоого тарифтик жеңилдиктерди алды

Евразия экономикалык комиссиясынын кеңеши ЕАЭБ өлкөлөрүндө чекене соода үчүн айрым жашылчаларды импорттоодо бажы алымынан бошотуу түрүндөгү тарифтик жеңилдик берди. Анын алкагында Кыргызстан төмөнкү көлөмдө жеңилдик алды: * картошка — 50 миң тоннадан ашпаган; * түстүү капуста жана брокколи — 500 тоннага чейин; * бадыраң — 400 тоннага чейин; * баклажан — 200 тоннага чейин; * таттуу калемпир — 2 миң

Бишкекте киберкылмыштуулукту алдын алуу боюнча тегерек стол өттү

Бишкекте киберкылмыштуулукту алдын алуу боюнча тегерек стол өттү

Бишкек шаарында киберкылмыштуулуктун алдын алуу маселелерине арналган тегерек стол уюштурулуп, ага укук коргоо органдарынын, сот жана прокуратура өкүлдөрү, ошондой эле тиешелүү мамлекеттик мекемелер катышып, талкуу жүргүзүштү. Бишкек шаарынын ИИББнын башчысы милициянын полковниги Азамат Токтоналиев ишчаранын максаты жана мааниси тууралуу сөз сүйлөп, чогулгандарды аталган көйгөйгө өзгөчө көңүл бурууга чакырды: “Бүгүнкү тегерек

Альпинист Эдуард Кубатов Туризмди өнүктүрүү боюнча мамлекеттик агенттиктин директору болду

Альпинист Эдуард Кубатов Туризмди өнүктүрүү боюнча мамлекеттик агенттиктин директору болду

Альпинист жана мурдагы чалгын кызматкери Эдуард Кубатов Кыргызстандагы Туризмди өнүктүрүү боюнча мамлекеттик агенттиктин директору болуп дайындалды. Тиешелүү кадрдык чечим өлкө жетекчилиги тарабынан кабыл алынган. Эдуард Кубатов — Кыргызстанда белгилүү альпинист, ишкер жана коомдук ишмер. Ал Альпинизм федерациясынын президенти болуп саналат жана дүйнөдөгү эң күчтүү альпинисттердин катарына кирет. Ал Эверест чокусун багындырган