Мэр: Айтматов менен Тыналиев көчөлөрүн бириктирген жолдун курулушу жакында башталат
Бишкек шаарында Чыңгыз Айтматов проспектиси менен Жал кичи районундагы Тыналиев көчөсүн бириктирген жаңы жолдун курулушу жакынкы убакта башталат. Бул тууралуу шаар мэри Айбек Жунушалиев жеринде таанышуу учурунда билдирди.
Анын айтымында, бул жол унаа тыгындарын толук жойбосо да, шаардагы жол инфраструктурасын жакшыртууга олуттуу салым кошот. Ошондой эле мэр Миңжылкыев көчөсүнө Бакаев көчөсү кошуларын белгиледи.
Маалыматка ылайык, жаңы жол Миңжылкыев көчөсү аркылуу өтүп, Чыңгыз Айтматов проспектисинен Тыналиев көчөсүнө чейин уланат. Анын жалпы узундугу 1,3 чакырымды түзүп, эки тилкелүү болуп курулат.
Белгилей кетсек, бул долбоор коомчулукта кызуу талкуу жаратып, ар кандай пикирлер айтылууда. Анткени жолдун айрым тилкелери окуу жайларга жакын жайгашкан. Атап айтканда, Кыргыз-Түрк "Манас" университетине чектеш аймактар долбоорго камтылары маалымдалган.
Мындан тышкары, бул тилкеде мурда да жол болгондугу айтылып, учурда аны калыбына келтирүү жана кеңейтүү каралууда.