Нарын дарыясынын жээгинде жашагандарга коопсуздук боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү
Нарын шаарында Нарын дарыясынын жээгинде жашаган жарандарга коопсуздук боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.
Маалыматка ылайык, иш-чара жарандардын коопсуздугун камсыздоо жана кырсыктардын алдын алуу максатында уюштурулган.
Анын алкагында дарыяга жакын жашаган тургундарга атайын даярдалган эскертүү баракчалары таратылды. Анда суу жээгинде жүрүм-турум эрежелери, айрыкча жаш балдарды көзөмөлдөө зарылдыгы жана коопсуздук чаралары тууралуу маалыматтар камтылган.
ӨКМ жарандарды өз коопсуздугуна кайдыгер карабоого жана сактык чараларын так сактоого чакырат.