Садыр Жапаров Аравандагы жаңы мектептин ачылышына катышты
Президент Садыр Жапаров 11-апрелде Ош облусуна болгон иш сапарынын алкагында Араван районунун Гүлбаар айылындагы №47 Эргеш Кебекбаев атындагы мектептин ачылыш аземине катышты. Бул тууралуу Курулуш министрлигинен билдиришти.
Мурда бул окуу жай 1980-жылы ашар ыкмасы менен курулган имаратта жайгашып, 2024-жылы авариялык абалда деп табылган. Ошол эле жылы капиталдык салымдардын эсебинен 150 орунга ылайыкталган жаңы мектептин курулушу башталган.
Жаңы имарат Курулуш министрлиги тарабынан салынып, эки кабаттуу болуп курулган. Анда заманбап окуу кабинеттеринен тышкары жыйындар залы жана класстан тышкаркы иш-чаралар үчүн бөлмөлөр каралган.
Инфраструктуранын жаңыланышынын натыйжасында мектептин мүмкүнчүлүгү кеңейип, учурда анда 320 окуучу эки нөөмөт менен билим алууда.
Иш сапардын жүрүшүндө мамлекет башчысы жаңы окуу корпусун, ошондой эле балдардын чыгармачылык жана дене тарбиялык өнүгүүсүнө арналган жайларды көрүп чыкты.