ЖК комитети "Баатыр энелердин" балдарына жеңилдик берүү долбоорун жактырды

ЖК комитети "Баатыр энелердин" балдарына жеңилдик берүү долбоорун жактырды

13-апрелде Жогорку Кеңештин тиешелүү комитетинин жыйынында "Баатыр эне" ордени менен сыйланган энелердин балдарына мамлекеттик билим берүүдө жеңилдиктерди берүү тууралуу токтом долбоору каралып, жактырылды. Бул тууралуу ЖКнын Басма сөз кызматынан билдиришти.

Долбоордун демилгечилеринин бири, депутат Медер Чотонов билдиргендей, документтин максаты энелердин өзгөчө эмгегин таануу, социалдык адилеттүүлүктү камсыз кылуу жана билим алууга тең мүмкүнчүлүк түзүү болуп саналат. Мындан тышкары, демилге жаштардын билим деңгээлин жогорулатууга, үй-бүлө институтун чыңдоого жана демографиялык өсүшкө өбөлгө түзүүгө багытталган.

Талкуу учурунда депутаттар жеңилдиктерди берүү механизмдерине байланыштуу бир катар маселелерди көтөрүштү. Атап айтканда, депутат Токтобүбү Ашымбаева жогорку окуу жайларында буга чейин каралган 10 миң гранттык орундан тышкары кошумча 500 гранттык орун бөлүү тартибин кароо сунушун берди.

Ошондой эле жыйында "Баатыр эне" ордени менен сыйланган энелерге социалдык кепилдиктерди күчөтүү маселеси да айтылды.

Жыйынтыгында аталган токтом долбоору комитет тарабынан колдоого алынды.

Мындан тышкары окуңуз

Бишкектеги "Нур-Суфра" кафесинин кызматкерлерине 17 миң сом айып пул салынды

Бишкектеги "Нур-Суфра" кафесинин кызматкерлерине 17 миң сом айып пул салынды

Бишкек шаарынын мэриясынын Муниципалдык инспекциясына белгиленбеген жерге таштанды ыргытылгандыгы тууралуу кайрылуу келип түшкөн. Инспекциядан билдиришкендей, кызматкерлер окуя болгон жерге барып текшерүү жүргүзүшкөн. Текшерүүнүн жүрүшүндө таштандыларды "Нур-Суфра" кафесинин кызматкерлери жерге төккөнү аныкталган. Бул факты боюнча кафеге карата Укук бузуулар жөнүндө кодекстин 115-беренесинин 1-бөлүгү менен 17 000 сом айып пул

Президент Садыр Жапаров Гүлчө шаарында калкты тейлөө жана маданият борборун ачты

Президент Садыр Жапаров Гүлчө шаарында калкты тейлөө жана маданият борборун ачты

Мамлекет башчысынын басма сөз кызматы билдиргендей, президент ачылыш аземине катышып, кызыл тасманы кести. Жаңы имарат үч кабаттан турат жана калкка мамлекеттик жана муниципалдык кызматтарды көрсөтүүгө арналган. Биринчи кабатта жарандарды тейлөө борбору жайгашкан, экинчи кабатта — кеңселер. Жертөлө бөлүгүндө 150 орундуу заманбап кинотеатр жабдылган. Садыр Жапаров жаңы имараттын ачылышы менен кызматкерлерди куттуктап,

Беловодское айылында акцизи жок 1 млн сомдук тамеки табылды

Беловодское айылында акцизи жок 1 млн сомдук тамеки табылды

Чүй облусунун Москва районунун Беловодское айылында жүргүзүлгөн рейддин жүрүшүндө акциздик маркасы жок тамеки продукциясы аныкталды. Бул тууралуу Салык кызматынан билдиришти. Мамлекеттик салык кызматынын маалыматына ылайык, текшерүү учурунда андан ары сатуу максатында сакталган 7 миң 540 куту тамеки табылган. Алардын жалпы баасы болжол менен 1 млн сомду түзөт. Аталган факт боюнча

Кыргызстанда ШКУ алкагында агрардык жыйын өткөрүлөт

Кыргызстанда ШКУ алкагында агрардык жыйын өткөрүлөт

16-апрелде Шанхай кызматташтык уюмуна (ШКУ) мүчө мамлекеттердин өсүмдүктөрдү карантиндөө жана коргоо тармагындагы министрликтеринин жана ведомстволорунун жетекчилеринин үчүнчү жыйыны өтөт. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти. Иш-чара Кыргыз Республикасынын ШКУдагы төрагалыгынын алкагында Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу Өсүмдүктөрдү