KOICAнын мал чарбасын өнүктүрүү боюнча долбоорунун жыйынтыгы чыгарылды

KOICAнын мал чарбасын өнүктүрүү боюнча долбоорунун жыйынтыгы чыгарылды

Бүгүн Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министринин орун басары Асел Кененбаеванын төрагалыгы алдында Кореянын эл аралык кызматташтык агенттигинин (KOICA) жана Кыргыз мал чарба жана жайыт илимий-изилдөө институтунун өкүлдөрүнүн катышуусунда жыйынтыктоочу кеңешме өттү.

Министрликтин маалыматына ылайык, иш-чара “Кыргыз Республикасында бодо малдын породасын генетикалык жакшыртуу жана малды жасалма уруктандыруу боюнча адистердин потенциалын жогорулатуу – PMC” долбоорунун алкагында уюштурулуп, Мал чарба жана жайыт институтун өнүктүрүүнүн Комплекстүү планы тааныштырылды.

Долбоордун негизги максаты — жергиликтүү шартка ыңгайлашкан бодо малдын породасын жакшыртуу системасын түзүү, жасалма уруктандыруу боюнча адистердин мүмкүнчүлүктөрүн күчөтүү, ошондой эле геномдук лабораторияны, урук өндүрүү лабораториясын жана Кесиптик окутуу борборун түзүү болуп саналат.

Кеңешменин жүрүшүндө Комплекстүү өнүктүрүү планынын негизги багыттары жана аны ишке ашыруу этаптары талкууланды. Ошондой эле долбоордун жетишкендиктери, алдыдагы пландары жана анын туруктуулугун камсыз кылуу боюнча чаралар тууралуу маалымат алмашуу болду.

Мындан тышкары окуңуз

Кыргызстан менен Кореянын өнүктүрүү фондун түзүү демилгеси көтөрүлдү

Кыргызстан менен Кореянын өнүктүрүү фондун түзүү демилгеси көтөрүлдү

Жогорку Кеңештин Төрагасы Марлен Маматалиев Корея Республикасынын Улуттук Ассамблеясынын вице-спикери, Корея–Кыргызстан депутаттык достук тобунун жетекчиси Пак Док Хым баштаган делегация менен жолугушту. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматынан билдиришти. Жолугушууда тараптар кыргыз-корей кызматташтыгын өнүктүрүү, парламенттер аралык байланыштарды чыңдоо жана соода-экономикалык алакаларды кеңейтүү маселелерин талкуулашты. Марлен

Бишкекке 100 миң түп бак отургузуу пландалууда

Бишкекке 100 миң түп бак отургузуу пландалууда

Бишкекте Экологиялык кеңештин жыйынынын жыйынтыгында борбор калаага 100 миң түп көчөт отургузуу чечими кабыл алынды. Бул тууралуу Бишкек мэриясынан билдиришти. Маалыматка ылайык, 10-июлда шаар мэри Айбек Джунушалиевдин төрагалыгы алдында өткөн коомдук угууларга Экологиялык кеңештин мүчөлөрү, экологиялык уюмдардын өкүлдөрү, жарандык активисттер, жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү жана шаар тургундары катышты. Иш-

Транспорт тармагынан 6 айда бюджетке 614 млн сомдон ашык каражат түштү

Транспорт тармагынан 6 айда бюджетке 614 млн сомдон ашык каражат түштү

Үстүбүздөгү жылдын алгачкы алты айында транспорт тармагындагы кызмат көрсөтүүлөрдөн мамлекеттик бюджетке 614 миллион сомдон ашык каражат түшүп, өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 17%га көбөйдү. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, бюджетке түшкөн каражат былтыркы жылга салыштырмалуу дээрлик 91 миллион сомго көп болгон. Алты ай ичинде транспорттук

Бишкектеги курулуштагы өрттөн кийин компанияга 200 миң сом айып салынды

Бишкектеги курулуштагы өрттөн кийин компанияга 200 миң сом айып салынды

Бишкек шаарындагы көп кабаттуу турак жайдын курулушунда чыккан өрттөн кийин курулуш компаниясына 200 миң сом айып салынды. Бул тууралуу Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, окуя күн мурун саат 10:30 чамасында Фучик көчөсү, 38 дарегинде жайгашкан 12 кабаттуу турак жайдын курулуш аянтчасында болгон. Алдын