Ошто жасалма VIN-код менен атайын техника сатуу схемасы аныкталды

Ошто жасалма VIN-код менен атайын техника сатуу схемасы аныкталды

Ош облусунда идентификациялык маалыматтары өзгөртүлгөн атайын техникаларды мыйзамсыз сатуу схемасы аныкталды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, чет өлкөдөн алып келинген атайын техникалардын заводдук тактайчалары, VIN-номерлери жана башка идентификациялык белгилери алмаштырылып, чыгарылган жылы жашырылган. Натыйжада алар жаңы техника катары кымбат баада сатылып келген.

Тергөө-ыкчам иш-чараларынын жүрүшүндө бул схемага тиешеси бар чет өлкөлүк Л.Л. аттуу жаран кармалып, УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Атайын кызматтын маалыматына караганда, мыйзамсыз аракеттер бажы төлөмдөрүнөн качуу жана материалдык пайда табуу максатында уюштурулган.

Учурда бул факты боюнча тергөө иштери уланууда.

Мындан тышкары окуңуз

Скульптура өнөрүн ийгиликтүү ишкерликке айланткан – Айдарбек Айткулов

Скульптура өнөрүн ийгиликтүү ишкерликке айланткан – Айдарбек Айткулов

Чыгармачылык өнөрүн ийгиликтүү ишкерликке айландырган Айдарбек Айткулов бүгүн командасы менен Кыргызстандагы ири скульптуралык жана декоративдик долбоорлорду ишке ашырып келет. Ал үчүн ар бир буйрутма жөн гана жумуш эмес, өзүн көрсөтүүгө мүмкүнчүлүк. Ошондуктан ар бир долбоорду сапатка өзгөчө көңүл буруп, майда-баратына чейин кылдат аткарууга аракет кылат. Каарманыбыз “Ишкер” Медиага берген

Мамлекеттик иш сапарларга байланыштуу Ысык-Көлдө жол кыймылына чектөө киргизилет

Мамлекеттик иш сапарларга байланыштуу Ысык-Көлдө жол кыймылына чектөө киргизилет

30-июлдан 1-августка чейин “Тамчы” эл аралык аэропортунан Чолпон-Ата шаарына чейинки жол маал-маалы менен жабылып турат. Бул тууралуу президенттин басма сөз катчсы Аскат Алагөзов билдирди. Маалыматка ылайык, бул күндөрү Өзбекстандын президенти Шавхат Мирзиёевдин жана Азербайжандын президенти Ильхом Алиевдин мамлекеттик сапар менен келиши күтүлүүдө.  Мындан сырткары, бир катар

Радиотерапиялык жабдууларды тейлөөгө 18 миллион сом бөлүнөт

Радиотерапиялык жабдууларды тейлөөгө 18 миллион сом бөлүнөт

27-июлда Саламаттык сактоо министри Дамир Осмонов Индиянын Кыргызстандагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Бирендер Сингх Ядав менен биргеликте Улуттук онкология жана гематология борборуна барып, анда “Бабатрон” аралыктан нур менен дарылоо аппараты үчүн жаңы Кобальт-60 радиоактивдүү булагын расмий тапшыруу аземи болуп өттү. Бул тууралуу аталган министрликтен билдиришти. Маалыматка караганда,

Учактагы орундардын санынан ашык авиабилет сатууга тыюу салынат

Учактагы орундардын санынан ашык авиабилет сатууга тыюу салынат

Авиакомпанияларга борттогу орундардын санынан ашык авиабилет сатууга тыюу салынат. Бул тууралуу “Кыргызстан аэропорттору” ишканасынан билдиришти. Маалыматка ылайык, бул чечим жүргүнчүлөрдүн укуктарын коргоо, авиациялык тейлөөнүн сапатын жогорулатуу жана тастыкталган авиабилети бар жүргүнчүлөрдү ташуудан негизсиз баш тартуу учурларын болтурбоо максатында кабыл алынды. Буга байланыштуу “Кыргызстан аэропорттору” ААК Кыргызстандын аэропорттору аркылуу каттамдарды аткарган