Чүйдө жайыттарды тебелеген айдоочуларга 93 миң сом айып салынды

Чүйдө жайыттарды тебелеген айдоочуларга 93 миң сом айып салынды

Чүй облусунун Кашка-Суу айылындагы Ак-Таш жайытында унаалар жана эндуро мотоциклдер менен жашыл аймактарды тепселеп, жаратылышка зыян келтиргендерге каршы рейд өткөрүлдү.

Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын маалыматына ылайык, текшерүүнүн жыйынтыгында мыйзам бузган айдоочуларга карата 17 протокол түзүлдү. Жаратылышка зыян келтиргендерге жалпысынан 93 миң 500 сом өлчөмүндө айып пул салынды.

Ошондой эле жашыл аймакка мыйзамсыз кирген унаалар аймактан чыгарылып, айдоочуларга түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.

Белгиленгендей, бул иш-чара Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 11-майындагы айрым аймактарда мототранспорт каражаттарын колдонууну чектөө тууралуу токтомунун негизинде жүргүзүлүүдө. Учурда мындай рейддер өлкө аймагында туруктуу негизде өткөрүлүп жатат.

Адистер жарандарды жаратылышка аяр мамиле кылууга жана экологиялык талаптарды сактоого чакырышты.

Мындан тышкары окуңуз

Караколдо фитосанитардык талаптарды сактабаган ишкерлерге эскертүү берилди

Караколдо фитосанитардык талаптарды сактабаган ишкерлерге эскертүү берилди

Ветеринардык жана фитосанитардык көзөмөл кызматынын борбордук аппаратынын өкүлдөрү Ысык-Көл облусунун Каракол шаарындагы агроаптекаларда жана гүл саткан соода жайларында мониторинг жүргүзүштү. Бул тууралуу Айыл чара министрлигинен билдиришти. Кызматтын маалыматына ылайык, учурда Каракол шаарында 13 агроаптека жана 16 гүл саткан дүкөн иш алып барат. Мониторингдин жүрүшүндө фитосанитардык талаптардын сакталышы, өсүмдүктөрдү коргоо

Жайыттарды бузган 109 факты аныкталып, 600 миң сомго жакын айып салынды

Жайыттарды бузган 109 факты аныкталып, 600 миң сомго жакын айып салынды

Жаратылыш ресурстары министрлигине караштуу Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматы жайыттарды коргоо боюнча рейддик иш-чараларды үзгүлтүксүз жүргүзүп жатат. Министрлер Кабинетинин №330 токтомунун талаптарына ылайык өткөрүлүп жаткан рейддердин жүрүшүндө жыл башынан бери жайыттарды пайдалануу эрежелерин бузган 109 факты аныкталды. Анын негизинде мыйзам бузгандарга жалпы 600 миң сомго жакын административдик айып пул

Мурат Тыныстанов: “Алгачкы дивиденддерден кийин акцияларга кызыгуу артты”

Мурат Тыныстанов: “Алгачкы дивиденддерден кийин акцияларга кызыгуу артты”

Кыргызстанда IPO аркылуу 1 млрд 634 млн сом инвестиция тарткан “Азия Сталь” металлургиялык заводу акционерлерине алгачкы дивиденддерин төлөп берди. Ишкананын башкы директору Мурат Тыныстановдун айтымында,  биринчи төлөмдөрдөн кийин инвесторлордун ишеними бекемделип, акцияларга болгон кызыгуу дагы арткан. Биз аны менен алгачкы дивиденддердин жыйынтыгы, ички инвесторлордун ролу, артыкчылыктуу акциялардын өзгөчөлүгү жана Кыргызстанда

"Кытай–Кыргызстан–Өзбекстан" темир жолу: Бажы жол-жоболору жөнөкөйлөтүлөт

"Кытай–Кыргызстан–Өзбекстан" темир жолу: Бажы жол-жоболору жөнөкөйлөтүлөт

Күн мурун Мамлекеттик бажы кызматында мекеменин төрагасынын биринчи орун басары Улан Кимсанов менен "Кытай–Кыргызстан–Өзбекстан темир жол компаниясы" ЖЧКсынын башкы директору Гун Хунъюндун жумушчу жолугушуусу өттү. Жолугушууда Кытай–Кыргызстан–Өзбекстан темир жолунун курулушуна арналган товарларды өткөрүүдө бажылык башкарууну өркүндөтүү жана бажы жол-жоболорун оптималдаштыруу маселелери каралды. Тараптар