Ветеринарларга базарларда экспертиза жүргүзүү укугу кайтарылды

Ветеринарларга базарларда экспертиза жүргүзүү укугу кайтарылды

Башкы прокуратура жеке ветеринардык практикага байланыштуу кабыл алынган актыларды текшерип чыгып, ишкердик субъекттеринин укуктарын чектеген мыйзам бузууларды аныктады.

Башкы прокуратуранын маалыматына ылайык, айрым чечимдердин негизинде жеке ветеринардык адистердин азык-түлүк базарларында ветеринардык-санитардык экспертиза жүргүзүүсүнө тыюу салынганы белгилүү болгон.

Башкы прокуратуранын чара көрүү актысынын негизинде Министрлер Кабинети тарабынан тиешелүү өзгөртүүлөр киргизилип, жеке ветеринардык дарыгерлерге кайрадан экспертиза жүргүзүү жана сыноо протоколдорун берүү укугу кайтарылды.

Учурда азык-түлүк базарларындагы ветеринардык-санитардык экспертиза лабораториялары тууралуу жобо бекитилип, 21 жеке ветеринардык адис менен келишим түзүлгөн.

Башкы прокуратура ишкерлердин укуктарын коргоо боюнча көзөмөл иштерин улантарын билдирди.

Мындан тышкары окуңуз

Бишкекте кыргыз-британ консультациялары өттү

Бишкекте кыргыз-британ консультациялары өттү

7-октябрда Бишкекте БУУнун Коопсуздук Кеңешинин күн тартиби боюнча кыргыз-британ консультациялары өттү. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлиги билдирди. Маалыматка ылайык, жолугушуу тышкы саясий ведомстволордун департамент жетекчилери деңгээлинде өтүп, тараптар эл аралык күн тартибиндеги актуалдуу маселелерди жана Коопсуздук Кеңештин ишинин артыкчылыктуу багыттарын талкуулашты. Өзгөчө көңүл Кыргызстандын 2027-2028-жылдарга БУУнун

Ишкер Media
Канттын, жумуртканын жана сүт азыктарынын баалары талкууланды

Канттын, жумуртканын жана сүт азыктарынын баалары талкууланды

Калкты негизги азык-түлүк товарлары менен камсыз кылуу, соода түйүндөрүнүн ата мекендик өндүрүүчүлөр менен өз ара кызматташуусу, ошондой эле канттын, жумуртканын, сүт жана сүт азыктарынын бааларынын түзүлүшү тууралуу бүгүн талкууланды. Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы соода түйүндөрүнүн өкүлдөрү менен жумушчу жолугушуу өткөрүп, ата мекендик продукциянын жеткиликтүүлүгүнө карата көңүл бурулду. Аталган

Ишкер Media
Энергетикалык суусундуктардын жашы жете электерге жеткиликтүү экендигин изилдөөчү депутаттык топ түзүлдү

Энергетикалык суусундуктардын жашы жете электерге жеткиликтүү экендигин изилдөөчү депутаттык топ түзүлдү

7-октябрда Жогорку Кеңештин жыйынында депутаттар энергетикалык суусундуктарды жүгүртүүнү, алардын жашы жете электерге жана жаштарга жеткиликтүүлүгүн жана адамдын ден соолугуна терс таасир этүүсү мүмкүн болгон тамак-аштарды, алардын сапатын жана коопсуздугун, ошондой эле аталган сферада мамлекеттик жөнгө салуунун таасирдүүлүгүн комплекстүү изилдөөчү топ түзүлдү. Бул тууралуу ЖКнын басма сөз кызматы билдирди.

Ишкер Media
Asman Airlines авиакомпаниясынын авиапаркын кеңейтүүгө 5 млрд 836 миллион сомдон бөлүндү

Asman Airlines авиакомпаниясынын авиапаркын кеңейтүүгө 5 млрд 836 миллион сомдон бөлүндү

Asman Airlines авиакомпаниясынын авиапаркын кеңейтүүгө быйыл 5 млрд 836 миллион сомдон ашык каражат бөлүндү. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев 7-октябрда Жарандык авиация күнүнө арналган иш-чаранын алкагында “Манас” эл аралык аэропортунда түзүлгөн жаңы шарттар менен таанышып жатып айтты. “Биз аэропортторду жаңылоо менен Кыргызстандын авиациялык системасын жаңылап жатабыз.

Ишкер Media