Бишкекте фасадды бузган мыйзамсыз балкондор алынып жатат

Бишкекте фасадды бузган мыйзамсыз балкондор алынып жатат

Бишкек шаарында райондук администрациялар тарабынан мыйзамсыз курулган балкондорду демонтаждоо иштери улантылууда.

Муниципалитеттен билдиргендей, демонтаж жүргүзүлүп жаткан объектилер тандалма негизде аныкталган эмес. Буга чейин тиешелүү кызматтар тарабынан көчмө текшерүүлөр уюштурулуп, мыйзам бузуу фактылары толугу менен аныкталган.

Мыйзам талаптарын бузуу менен курулган объектилердин ээлерине белгиленген тартипте эскертмелер жана көрсөтмөлөр тапшырылган. Айрым учурларда батир ээлери жашаган жеринде болбогондуктан, алардын катышуусусуз демонтаж жүргүзүү мүмкүн эместигине байланыштуу иштер убактылуу жылдырылган.

Шаар бийлиги мурда көрсөтмө берилген бардык мыйзамсыз курулган балкондор белгиленген тартипте жана колдонуудагы мыйзамдардын негизинде милдеттүү түрдө демонтаждала турганын маалымдайт.

Эске салсак, Бишкек шаардык кеңешинин 2024-жылдын 14-майындагы №134 токтомуна ылайык, балкондорду жана лоджияларды уруксатсыз айнектөөгө, алардын көлөмүн жана түсүн өзгөртүүгө, жаңы балкондорду курууга же фасаддын архитектуралык көрүнүшүн өзгөрткөн башка иштерди жүргүзүүгө жол берилбейт.

Ошондой эле эшик жана терезе көзөнөктөрүнүн архитектуралык формасын өзгөртүү, тосмолордун түсүн жана көрүнүшүн өз алдынча алмаштыруу, балкондорду уруксатсыз реконструкциялоо жана фасаддын айрым бөлүктөрүн өз алдынча сырдоо же каптоо мыйзам бузуу болуп саналат.

Мындан тышкары окуңуз

Таласта 320 млн сомдук "Талас Органик" агрокомплекси ачылды

Таласта 320 млн сомдук "Талас Органик" агрокомплекси ачылды

Талас облусунун Айтматов районундагы Ак-Башат айылында "Талас Органик" агрокомплекси ишке кирди. Бул тууралуу Айыл чарба министрлиги билдирди. Маалымдалгандай, долбоор "Альянс Алтын" фондунун 320 млн сомдук жеке инвестициясынын эсебинен каржыланган. Бул Талас облусундагы эл аралык органикалык сертификаты бар алгачкы толук циклдеги агрокомплекс. Комплекс 300 гектар аянтты

Ишкер Media
Мамлекеттик кызматтар: маалымат берүүдө бирдиктүү талаптарды киргизүү сунушталууда

Мамлекеттик кызматтар: маалымат берүүдө бирдиктүү талаптарды киргизүү сунушталууда

Кыргызстанда мамлекеттик, муниципалдык жана жарандык-укуктук кызматтар тууралуу маалымат берүү тартибин бирдиктүү талаптарга келтирүү сунушталууда. Бул тууралуу Экономика жана коммерция министрлигинин тиешелүү долбоору коомдук талкууга коюлду. Долбоордун максаты — жарандар кызмат алууга кайрыла электе анын шарттары, талап кылынган документтери, мөөнөтү, баасы, жеңилдиктери, баш тартуу негиздери жана даттануу тартиби тууралуу толук, ишенимдүү

Ишкер Media
Кыргызстан жана Оман транспорттук кызматташтыкты талкуулады

Кыргызстан жана Оман транспорттук кызматташтыкты талкуулады

6-октябрда Транспорт министрлигинде министрдин орун басары Кубанычбек Турганбаев менен Омандын Транспорт, коммуникациялар жана маалыматтык технологиялар министрлигинин департамент директору Набиль бин Хайдер Аль-Балуши жолугушту. Бул тууралуу министрликтин маалымат кызматы билдирди. Жолугушууда транспорт тармагындагы учурдагы кызматташтык жана аны кеңейтүү мүмкүнчүлүктөрү талкууланды. Министрдин орун басары белгилегендей, азыр эки өлкө негизинен аба

Ишкер Media
Фермерлер iDyikan тиркемесине ээ болушту

Фермерлер iDyikan тиркемесине ээ болушту

Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлиги эми айыл чарба кызматын алгысы келген фермерлерди iDyikan тиркемеси аркылуу онлайн-арыз менен кабыл ала башташат. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы кабарлады. Маалымдалгандай, санарип платформа тармактык сервисти, мамлекеттик колдоо программаларын, жеңилдетилген насыяларды бириктирет. Колдонуучулар кагаз документтерди чогултпай,

Ишкер Media