Кара-Сууда 225 үй-бүлөгө ипотекалык батирлер тапшырылды

Кара-Сууда 225 үй-бүлөгө ипотекалык батирлер тапшырылды

Кара-Суу районунун Жаңы-Арык айылында жайгашкан "Мурас" шаарчасында алгачкы ипотекалык батирлердин ачкычтарын тапшыруу аземи болуп өттү. Иш-чарага Президент Садыр Жапаров онлайн форматта катышты.

Президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн маалыматына ылайык, бул этапта беш кабаттуу беш блок үй пайдаланууга берилип, жалпысынан 225 батир өз ээлерине тапшырылды.

Анын ичинде:
• 50 бир бөлмөлүү батир;
• 125 эки бөлмөлүү батир;
• 50 үч бөлмөлүү батир.

Заманбап турак жай комплексинде жашоочулар үчүн бардык шарттар каралган. Тактап айтканда, 830 чарчы метр аянтты ээлеген балдар аянтчасы, 74 орундуу жер үстүндөгү унаа токтотуучу жай, футбол аянтчасы жана спорт комплекси курулган.

Мындан сырткары, учурда шаарчанын аймагындагы 1,95 гектар жер тилкесинде дагы бир катар көп кабаттуу турак үйлөрдүн курулушу активдүү уланууда.

"Мурас" шаарчасындагы турак жай долбоору жарандарды жеткиликтүү жана заманбап турак жай менен камсыздоого багытталган ири мамлекеттик программалардын бири болуп саналат.

Мындан тышкары окуңуз

Ошто 650 миң сом пара берип жаткан жаран кармалды

Ошто 650 миң сом пара берип жаткан жаран кармалды

Ош шаарында баңгизатка байланыштуу кылмыш ишинин жагдайларын өзүнүн пайдасына чечип берүү үчүн милиция кызматкерлерине 650 миң сом пара берип жаткан жаран кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен кабарлашты. Маалыматка караганда, ИИМдин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматы тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө 1983-жылы туулган А.Д. аттуу

Ишкер Media
Асма жол куруу долбоору Австриялык компания менен талкууланууда

Асма жол куруу долбоору Австриялык компания менен талкууланууда

Бишкекте асма жол куруу долбоорунун келечегин Бишкек мэриясынын делегациясы Тбилисиде австриянын Doppelmayr компаниясынын өкүлдөрү менен талкуулашты. Бул тууралуу мэриядан билдиришти. Аталган компания грузиянын борборунда асма жолдордун ишке ашырылышына катышкан. Жолугушуу Бишкек делегациясынын Тбилисиге болгон иш сапарынын алкагында өттү. Шаардын мэринин орун басары Рамиз Алиев, ошондой эле Тбилисинин мэриясынын орун басары

Ишкер Media
Чүй проспектисинин чыгыш тарабы жаңыланып, унаа кыймылы үчүн ачылды

Чүй проспектисинин чыгыш тарабы жаңыланып, унаа кыймылы үчүн ачылды

Бишкек шаарында Чүй проспектисинин Курманжан Датка көчөсүнөн Лермонтов көчөсүнө чейинки бөлүгүндө негизги калыбына келтирүү иштери аяктады. Бишкек шаарынын мэриясынын Транспорт жана жол-транспорттук инфратүзүмдү өнүктүрүү департаменти маалымдагандай, иштин алкагында ирригациялык тармакты жаңылоо иштери жүргүзүлүп, жолдун үстүңкү катмары жаңыртылды жана эки катмар асфальт төшөлдү. Учурда Чүй проспектисинин Курманжан Датка көчөсүнөн Лермонтов

Ишкер Media
Депутат артисттердин бинардык опциялык жарнамалары үчүн жоопкерчилигин күчөтүүнү сунуштады

Депутат артисттердин бинардык опциялык жарнамалары үчүн жоопкерчилигин күчөтүүнү сунуштады

Жогорку Кеңештин депутаты Бурул Аманова коомдук ишкерлерге жана артисттерге бинардык опциялык жарнамалары үчүн жоопкерчиликти күчөтүүнү сунуштады. Маселе Каржы, бюджет, ишкердик жана атаандаштыкты өнүктүрүү боюнча комитеттин жыйынында 6-октябрда көтөрүлдү. " Сиз блогерлерге бинардык опциялар жарнамалары үчүн жаза күчөтүлгөнүн жазган элеңиз. Бирок ошол жарнамаларда блогерлер гана эмес коомдук ишмерлер, артисттер да

Ишкер Media