Нурдан Орунтаев “Royal Central Park” комплексинин курулушун текшерди

Нурдан Орунтаев “Royal Central Park” комплексинин курулушун текшерди

Күн мурун курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министри Нурдан Орунтаев Бишкек шаарында курулуп жаткан “Royal Central Park” көп функционалдуу турак жай комплексине барып, курулуш иштеринин жүрүшү менен жеринде таанышты.

Иш сапардын жүрүшүндө министрге долбоордун учурдагы абалы, аткарылып жаткан иштер жана курулуштун кийинки этаптары тууралуу кеңири маалымат берилди.

Бүгүнкү күндө долбоордун биринчи этабына кирген беш блок боюнча жер казуу иштери толугу менен аяктады. Алардын ичинен эки блокто фундаменттик плитанын алдындагы даярдоо жана бетон куюу иштери бүткөрүлүп, монолиттик конструкцияларды куруу иштери уланууда. Ошондой эле аймакты көрктөндүрүү жана инженердик инфраструктураны даярдоо боюнча иштер жүргүзүлүүдө.

Долбоорго ылайык, комплексте жалпысынан 39 блок жана 26 миң батир курулат. Биринчи этапта ар бири 29 кабаттан турган беш турак жай блогу салынууда. Мындан тышкары, комплекстин аймагында коомдук мейкиндиктер, жашыл зоналар жана заманбап инфраструктуралык объекттер түзүлөт.

Министр Нурдан Орунтаев курулуш иштеринин сапатын камсыздоого жана шаар куруу нормалары менен курулуш талаптарынын так сакталышына өзгөчө көңүл буруу зарылдыгын белгиледи. Ошондой эле ал өлкөдө ири курулуш долбоорлорун ишке ашыруу жана жеке инвестицияларды колдоо мамлекеттик саясаттын артыкчылыктуу багыттарынын бири экенин айтты.

Белгилей кетсек, “Royal Central Park” комплекси мурдагы “Ак-Кула” ипподромунун аймагында курулуп жаткан ири шаар куруу долбоорлорунун бири болуп саналат. Долбоордун алкагында турак жайлар, коммерциялык жана коомдук объекттер, эс алуу жайлары жана жашыл аймактар курулат.

Мындан тышкары окуңуз

Ошто 650 миң сом пара берип жаткан жаран кармалды

Ошто 650 миң сом пара берип жаткан жаран кармалды

Ош шаарында баңгизатка байланыштуу кылмыш ишинин жагдайларын өзүнүн пайдасына чечип берүү үчүн милиция кызматкерлерине 650 миң сом пара берип жаткан жаран кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен кабарлашты. Маалыматка караганда, ИИМдин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматы тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө 1983-жылы туулган А.Д. аттуу

Ишкер Media
Асма жол куруу долбоору Австриялык компания менен талкууланууда

Асма жол куруу долбоору Австриялык компания менен талкууланууда

Бишкекте асма жол куруу долбоорунун келечегин Бишкек мэриясынын делегациясы Тбилисиде австриянын Doppelmayr компаниясынын өкүлдөрү менен талкуулашты. Бул тууралуу мэриядан билдиришти. Аталган компания грузиянын борборунда асма жолдордун ишке ашырылышына катышкан. Жолугушуу Бишкек делегациясынын Тбилисиге болгон иш сапарынын алкагында өттү. Шаардын мэринин орун басары Рамиз Алиев, ошондой эле Тбилисинин мэриясынын орун басары

Ишкер Media
Чүй проспектисинин чыгыш тарабы жаңыланып, унаа кыймылы үчүн ачылды

Чүй проспектисинин чыгыш тарабы жаңыланып, унаа кыймылы үчүн ачылды

Бишкек шаарында Чүй проспектисинин Курманжан Датка көчөсүнөн Лермонтов көчөсүнө чейинки бөлүгүндө негизги калыбына келтирүү иштери аяктады. Бишкек шаарынын мэриясынын Транспорт жана жол-транспорттук инфратүзүмдү өнүктүрүү департаменти маалымдагандай, иштин алкагында ирригациялык тармакты жаңылоо иштери жүргүзүлүп, жолдун үстүңкү катмары жаңыртылды жана эки катмар асфальт төшөлдү. Учурда Чүй проспектисинин Курманжан Датка көчөсүнөн Лермонтов

Ишкер Media
Депутат артисттердин бинардык опциялык жарнамалары үчүн жоопкерчилигин күчөтүүнү сунуштады

Депутат артисттердин бинардык опциялык жарнамалары үчүн жоопкерчилигин күчөтүүнү сунуштады

Жогорку Кеңештин депутаты Бурул Аманова коомдук ишкерлерге жана артисттерге бинардык опциялык жарнамалары үчүн жоопкерчиликти күчөтүүнү сунуштады. Маселе Каржы, бюджет, ишкердик жана атаандаштыкты өнүктүрүү боюнча комитеттин жыйынында 6-октябрда көтөрүлдү. " Сиз блогерлерге бинардык опциялар жарнамалары үчүн жаза күчөтүлгөнүн жазган элеңиз. Бирок ошол жарнамаларда блогерлер гана эмес коомдук ишмерлер, артисттер да

Ишкер Media