Сокулукта мыйзамсыз газ саткан 3 объект аныкталды

Сокулукта мыйзамсыз газ саткан 3 объект аныкталды

Чүй облусунун Сокулук районунда суюлтулган газды мыйзамсыз сатуу жана газ куюу учурунда коопсуздук талаптарын одоно бузуу фактылары аныкталды. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинен билдиришти.

Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын текшерүүсүнүн жыйынтыгында жалпысынан үч мыйзамсыз соода түйүнү аныкталган. Алардын экөөнө калктуу конуштардын аймагында жайгаштырылган автоцистерналарды коопсуздук талаптарына ылайык аймактан чыгаруу боюнча милдеттүү көрсөтмөлөр берилди.

Ал эми дагы бир объект боюнча кошумча документтер талап кылынып, учурда мыйзам чегинде тиешелүү чараларды көрүү иштери жүргүзүлүүдө.

Адистердин айтымында, калктуу конуштардын ичинде көчмө автоунаа газ толтуруучу станцияларды жана автоцистерналарды жайгаштырууга мыйзам тарабынан тыюу салынат. Өзгөчө жай мезгилинде абанын температурасынын жогору болушу мындай объектилердин жарылуу жана өрт чыгуу коркунучун күчөтөт.

Министрлик коопсуздук талаптарынын сакталбашы адамдардын өмүрүнө жана ден соолугуна, ошондой эле айлана-чөйрөгө олуттуу зыян келтириши мүмкүн экенин эскертип, жарандарды мыйзам талаптарын так сактоого чакырат.

Мындан тышкары окуңуз

Ошто 650 миң сом пара берип жаткан жаран кармалды

Ошто 650 миң сом пара берип жаткан жаран кармалды

Ош шаарында баңгизатка байланыштуу кылмыш ишинин жагдайларын өзүнүн пайдасына чечип берүү үчүн милиция кызматкерлерине 650 миң сом пара берип жаткан жаран кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен кабарлашты. Маалыматка караганда, ИИМдин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматы тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө 1983-жылы туулган А.Д. аттуу

Ишкер Media
Асма жол куруу долбоору Австриялык компания менен талкууланууда

Асма жол куруу долбоору Австриялык компания менен талкууланууда

Бишкекте асма жол куруу долбоорунун келечегин Бишкек мэриясынын делегациясы Тбилисиде австриянын Doppelmayr компаниясынын өкүлдөрү менен талкуулашты. Бул тууралуу мэриядан билдиришти. Аталган компания грузиянын борборунда асма жолдордун ишке ашырылышына катышкан. Жолугушуу Бишкек делегациясынын Тбилисиге болгон иш сапарынын алкагында өттү. Шаардын мэринин орун басары Рамиз Алиев, ошондой эле Тбилисинин мэриясынын орун басары

Ишкер Media
Чүй проспектисинин чыгыш тарабы жаңыланып, унаа кыймылы үчүн ачылды

Чүй проспектисинин чыгыш тарабы жаңыланып, унаа кыймылы үчүн ачылды

Бишкек шаарында Чүй проспектисинин Курманжан Датка көчөсүнөн Лермонтов көчөсүнө чейинки бөлүгүндө негизги калыбына келтирүү иштери аяктады. Бишкек шаарынын мэриясынын Транспорт жана жол-транспорттук инфратүзүмдү өнүктүрүү департаменти маалымдагандай, иштин алкагында ирригациялык тармакты жаңылоо иштери жүргүзүлүп, жолдун үстүңкү катмары жаңыртылды жана эки катмар асфальт төшөлдү. Учурда Чүй проспектисинин Курманжан Датка көчөсүнөн Лермонтов

Ишкер Media
Депутат артисттердин бинардык опциялык жарнамалары үчүн жоопкерчилигин күчөтүүнү сунуштады

Депутат артисттердин бинардык опциялык жарнамалары үчүн жоопкерчилигин күчөтүүнү сунуштады

Жогорку Кеңештин депутаты Бурул Аманова коомдук ишкерлерге жана артисттерге бинардык опциялык жарнамалары үчүн жоопкерчиликти күчөтүүнү сунуштады. Маселе Каржы, бюджет, ишкердик жана атаандаштыкты өнүктүрүү боюнча комитеттин жыйынында 6-октябрда көтөрүлдү. " Сиз блогерлерге бинардык опциялар жарнамалары үчүн жаза күчөтүлгөнүн жазган элеңиз. Бирок ошол жарнамаларда блогерлер гана эмес коомдук ишмерлер, артисттер да

Ишкер Media