Соң-Көлдө мыйзамсыз жүргөн автоунааларга 66 миң сом айып салынды

Соң-Көлдө мыйзамсыз жүргөн автоунааларга 66 миң сом айып салынды

Соң-Көл аймагында жайыттарды жана өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарын сактоо боюнча рейддик иш-чара өткөрүлүп, анын жүрүшүндө мыйзам талаптарын одоно бузган 12 учур аныкталды. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги билдирди.

Маалыматка ылайык, мыйзам бузуулар боюнча тиешелүү административдик чаралар көрүлүп, жалпы суммасы 66 миң сом айып пул салынды.

Рейд Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигине караштуу Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын инспекторлору тарабынан Нарын облусунун Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо кызматы менен биргеликте Министрлер Кабинетинин №330 токтомунун талаптарын аткаруу максатында уюштурулган.

Иш-чаранын негизги максаты – жайыттарда жана өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарында автоунаалардын, мотоциклдердин жана квадроциклдердин мыйзамсыз жүрүүсүнүн алдын алуу.

Министрлик белгилегендей, транспорт каражаттарынын жашыл өсүмдүк катмарын тебелеп өтүүсү жайыттардын деградациясына, топурактын бузулушуна, эрозиялык процесстердин күчөшүнө жана табигый экосистемалардын жабыркашына алып келет.

Буга байланыштуу жарандар жайыттарды жана жаратылыш байлыктарын сактоого жоопкерчилик менен мамиле кылууга жана жаратылышты коргоо боюнча мыйзамдардын талаптарын так сактоого чакырылды.

Мындан тышкары окуңуз

Баткенде туристтик инфраструктураны жакшыртуу маселеси көтөрүлдү

Баткенде туристтик инфраструктураны жакшыртуу маселеси көтөрүлдү

Баткен облусунда туризм тармагын өнүктүрүү, туристтер үчүн шарттарды жакшыртуу жана инфраструктураны өркүндөтүү маселелери талкууланды. Бул тууралуу президенттин Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти. Маалыматка ылайык, Туризмди өнүктүрүү боюнча мамлекеттик агенттиктин директору Эдуард Кубатов облус башчысынын орун басары Максатай Мамытбекова менен жолугушуп, аймактагы туризмдин негизги маселелери жана өнүктүрүү мүмкүнчүлүктөрү боюнча пикир алышты. Андан

Кыргыз-өзбек жаш парламентарийлери  тажрыйба алмашууну көздөшөт

Кыргыз-өзбек жаш парламентарийлери тажрыйба алмашууну көздөшөт

10-августта Жогорку Кеңештин төрагасы Марлен Маматалиев Кыргызстандын жана Өзбекстандын жаш парламентарийлеринин II форумуна катышты. "Жаштар – жалпы прогресске жана тынчтыкка карай жолдо!" деген ураан алдында өткөн форумга эки өлкөнүн депутаттары, жаштар, адистер жана коомдук уюмдардын өкүлдөрү катышты. Марлен Маматалиев кыргыз-өзбек мамилелеринин тарыхый, маданий жана руханий жакындыгын белгилеп,

Ош шаарында мыйзамсыз валюта алмаштырган 9 жаранга айып пул салынды

Ош шаарында мыйзамсыз валюта алмаштырган 9 жаранга айып пул салынды

Ош шаарында Улуттук банктын лицензиясы жок чет өлкө валютасын алмаштыруу менен алектенген 9 жаранга айып пул салынды. Бул тууралуу КРнын Улуттук банкынын басма сөз кызматынан кабарлашты. Билдирүүгө караганда, мыйзамсыз акча алмаштырууга карата көзөмөлдү Ош облустук башкармалыктын өкүлдөрү ишке ашырып, анын жүрүшүндө аталган жарандар Улуттук банктын тиешелүү лицензиясы жок нак чет

Баткенде көп балалуу энелер "Баатыр эне" жана "Эне даңкы" сыйлыктарын алышты

Баткенде көп балалуу энелер "Баатыр эне" жана "Эне даңкы" сыйлыктарын алышты

Баткен районунда көп балалуу 70 энеге мамлекеттик сыйлыктар тапшырылды. Бул тууралуу Баткен райондук мамлекеттик администрациясынан билдиришти. Салтанатта 36 энеге "Баатыр эне" ордени, ал эми 34 энеге "Эне даңкы" медалы тапшырылды. Иш-чарага президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Максатай Каримбердиева, Баткен районунун акиминин орун