Ошто уруксатсыз курулуп жаткан объекттин иши токтотулду

Ошто уруксатсыз курулуп жаткан объекттин иши токтотулду

Ош шаарында архитектуралык-уруксат берүүчү документтери жок курулуп жаткан объект аныкталып, курулуш иштери убактылуу токтотулду. Бул тууралуу Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, Мамлекеттик архитектура-курулуш контролдоо департаментинин Ош шаардык башкармалыгы аймактагы курулуш объектилерине жүргүзүлгөн кезектеги текшерүүнүн жүрүшүндө мыйзам бузуу фактысын аныктады.

Министрликтин маалыматына ылайык, Ош шаарынын Сатиев көчөсү, 13-даректе жайгашкан жеңил типтеги курулуш объектиси архитектуралык-уруксат берүүчү документтери жок курулуп жаткан.

Бул факт Кыргыз Республикасынын "Шаар куруу жана архитектура жөнүндө" мыйзамынын талаптарын бузуу катары бааланды.

Текшерүүнүн жыйынтыгында курулуш иштерин жүргүзүп жаткан К.А.М.га карата административдик чара көрүлүп, мыйзам бузууларды жоюу боюнча жазуу түрүндө эскертүү берилди.

Ошондой эле мыйзам талаптары толук аткарылганга чейин объекттеги курулуш иштери убактылуу токтотулду.

Мындан тышкары окуңуз

Тоолуу аймактагы ишкерлерге 50 миң доллардан грант берилет

Тоолуу аймактагы ишкерлерге 50 миң доллардан грант берилет

Кыргызстандын тоолуу аймактарындагы ишкерлер үчүн Бизнес-инкубатор жана акселератор программасына өтүнмөлөр кабыл алынууда. Кабыл алуу 15-октябрга чейин болот. Бул тууралуу Айыл чарба министрлиги билдирди. Программаны Тоолор өнөктөштүгү, ФАО, Президенттин тоо күн тартиби боюнча атайын өкүлү жана МинКаб Италия Өкмөтүнүн колдоосу менен ишке ашырууда. Маалыматка ылайык, тоо продукциясын өндүрүүчүлөр, кооперативдер,

Ишкер Media
ЭКУ өлкөлөрү биргелешкен завод ачууну талкуулады

ЭКУ өлкөлөрү биргелешкен завод ачууну талкуулады

Экономика жана коммерция министринин орун басары Искендер Асылкулов Душанбеде өткөн Экономикалык кызматташтык уюмунун өнөр жай боюнча IV министрлер кеңешмесине катышты. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы кабарлады. Маалымдалгандай, жыйында ал Кыргызстандын өнөр жай кооперациясы боюнча артыкчылыктуу багыттарын баяндады. 2026-жылдын 8 айында ИДП 1 трлн 396,8 млрд сомду түзүп,

Ишкер Media
Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев ТМУнун жыйынына катышты

Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев ТМУнун жыйынына катышты

25-сентябрда Нью-Йоркто БУУнун Башкы Ассамблеясынын 81-сессиясынын алкагында тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Түрк мамлекеттер уюмунун Тышкы иштер министрлер кеңешинин бейрасмий жыйынына катышты. Бул тууралуу министрликтен билдиришти. Маалым болгондой, жыйында ТМУнун күн тартибиндеги маселелер жана алдыдагы 13-Саммитке даярдык талкууланды. Министр Кулубаев Кыргызстандын 2027–2028-жылдарга БУУнун Коопсуздук

Ишкер Media
Кыргызстан менен Азербайжан соода-экономикалык кызматташтыкты талкуулады

Кыргызстан менен Азербайжан соода-экономикалык кызматташтыкты талкуулады

25-сентябрда экономика жана коммерция министринин орун басары Медербек Туманов Азербайжандын экономика министринин биринчи орун басары Эльнур Алиев менен жолугушту. Бул тууралуу министрликтен билдиришти. Маалыматка ылайык, жолугушууда соода-экономикалык жана инвестициялык кызматташтыкты өнүктүрүү, соода жүгүртүүнү көбөйтүү, логистикалык инфраструктураны жана энергетика тармагындагы кызматташтыкты өнүктүрүү, биргелешкен инвестициялык долбоорлор талкууланды. Тараптар жетишилген макулдашууларды

Ишкер Media