Жаратылыш парктарында накталай эмес төлөм системасы ишке кирди

Жаратылыш парктарында накталай эмес төлөм системасы ишке кирди

Кыргызстандагы үч өзгөчө корголуучу жаратылыш аймагында автоматташтырылган өткөрмө пункттары орнотулуп, эс алуучулар үчүн накталай эмес төлөм жүргүзүү мүмкүнчүлүгү түзүлдү.

Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарын санариптештирүү жана натыйжалуу башкаруу максатында жаңы автоматташтырылган өткөрмө пункттарын орнотту.

Министрликтин маалыматына ылайык, мындай өткөрмө пункттары "Кыргыз-Ата", "Беш-Таш" мамлекеттик улуттук жаратылыш парктарында жана "Падыша-Ата" мамлекеттик коругунда ишке киргизилди.

Белгиленгендей, жаңы система жаратылыш аймактарын коргоону күчөтүүгө, транспорт каражаттарынын кирип-чыгуусун так эсепке алууга жана финансылык ачык-айкындуулукту камсыз кылууга багытталган.

Ошондой эле эс алуучулар эми кызмат акысын банктык карталар, QR-код жана электрондук капчыктараркылуу накталай эмес төлөй алышат. Министрликтин маалыматына караганда, бул чечим тейлөөнүн сапатын жогорулатып, адам факторун азайтууга жана кирешелерди ачык-айкын эсепке алууга мүмкүндүк берет.

Мындан тышкары, учурда Сары-Челек мамлекеттик биосфералык аймагында жана "Кыргыз-Ата" мамлекеттик улуттук жаратылыш паркында заманбап архитектуралык талаптарга жооп берген жаңы кире бериш аркаларынын курулушу башталды. Бул долбоорлор аймактардын инфраструктурасын жакшыртып, туристтер үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүүгө жана туристтик потенциалды жогорулатууга багытталган.

Мындан тышкары окуңуз

Кыргызстан менен Бенин визалык талаптардан өз ара бошотулду

Кыргызстан менен Бенин визалык талаптардан өз ара бошотулду

25-сентябрда Нью-Йоркто Кыргызстандын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Бенин Республикасынын тышкы иштер министри Коринн Амори Брюне менен жолукту. Бул тууралуу министрликтин маалымат кызматы кабарлады. Маалыматка ылайык, жолугушууда эки тараптуу кызматташтык, эл аралык уюмдар алкагындагы өз ара аракеттенүү жана аймактык күн тартип талкууланды. Кыргызстандын 2028–2029-жылдары БУУнун Коопсуздук

Ишкер Media
Садыр Жапаров Маданият жана искусство университетинин жаңы корпусун ачты

Садыр Жапаров Маданият жана искусство университетинин жаңы корпусун ачты

Өлкө башчысы Садыр Жапаров бүгүн Бүбүсара Бейшеналиева атындагы Кыргыз улуттук маданият жана искусство университетинин жаңы окуу корпусунун ачылышына катышты. Бул тууралу президенттин администрациясы билдирди. Мамлекет башчысы аянты 8615 чарчы метрди түзгөн беш кабаттуу имараттагы шарттар менен таанышты. Анда заманбап окуу аудиториялары, китепкана, окуу залы, хореография жана концерт залдары, ашкана каралган.

Ишкер Media
Тоолуу аймактагы ишкерлерге 50 миң доллардан грант берилет

Тоолуу аймактагы ишкерлерге 50 миң доллардан грант берилет

Кыргызстандын тоолуу аймактарындагы ишкерлер үчүн Бизнес-инкубатор жана акселератор программасына өтүнмөлөр кабыл алынууда. Кабыл алуу 15-октябрга чейин болот. Бул тууралуу Айыл чарба министрлиги билдирди. Программаны Тоолор өнөктөштүгү, ФАО, Президенттин тоо күн тартиби боюнча атайын өкүлү жана МинКаб Италия Өкмөтүнүн колдоосу менен ишке ашырууда. Маалыматка ылайык, тоо продукциясын өндүрүүчүлөр, кооперативдер,

Ишкер Media
ЭКУ өлкөлөрү биргелешкен завод ачууну талкуулады

ЭКУ өлкөлөрү биргелешкен завод ачууну талкуулады

Экономика жана коммерция министринин орун басары Искендер Асылкулов Душанбеде өткөн Экономикалык кызматташтык уюмунун өнөр жай боюнча IV министрлер кеңешмесине катышты. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы кабарлады. Маалымдалгандай, жыйында ал Кыргызстандын өнөр жай кооперациясы боюнча артыкчылыктуу багыттарын баяндады. 2026-жылдын 8 айында ИДП 1 трлн 396,8 млрд сомду түзүп,

Ишкер Media