Бишкекте мыйзамсыз курулушту токтотпогон компанияга 213 миң сом айып салынды

Бишкекте мыйзамсыз курулушту токтотпогон компанияга 213 миң сом айып салынды

Мамлекеттик архитектура-курулуш контролдоо департаментинин Бишкек шаардык башкармалыгы мыйзам талаптарын бузуу менен курулуш иштерин жүргүзгөн "Император Строй" ЖЧКсына карата чара көрдү. Бул тууралуу Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, Горький көчөсү 72, 72а жана Гвардия көчөсү 13, 13а даректеринде курулуп жаткан 10 кабаттуу көп батирлүү турак үйгө текшерүү жүргүзүлгөн.

Маалыматка ылайык, буга чейин объект боюнча "Долбоорлоо жана куруу процесстерин айкалыштыруу жөнүндө" буйрук күчүн жоготуп, архитектуралык-уруксат берүүчү документтер кайра алынган. Ошондой эле курулуш иштерин токтотуу жөнүндө расмий билдирүү берилген.

Бирок текшерүүнүн жүрүшүндө коюлган талаптарга карабастан, объектте курулуш-монтаждоо иштери уланып жатканы аныкталган.

Аталган мыйзам бузуу үчүн курулуш иштерин жүргүзгөн тарапка 213 миң сом өлчөмүндө айып пул салынды. Ошондой эле окуяга укуктук баа берүү үчүн материалдар Ички иштер министрлигине жөнөтүлдү.

Мындан тышкары, 2026-жылдын 13-июлунда жүргүзүлгөн контролдук текшерүүдө да курулуш иштеринин токтотулбаганы аныкталган.

Жыйынтыгында, мыйзам талаптарын одоно бузгандыгы үчүн "Император Строй" ЖЧКсын Курулуш министрлигинин кара тизмесине киргизүү жана курулуш лицензиясын токтотуу боюнча министрликке сунуш жөнөтүлдү.

Мындан тышкары окуңуз

Мамлекеттик Камсыздандыруу Уюму жарандарга 2 млн сомдон ашык төлөм берди

Мамлекеттик Камсыздандыруу Уюму жарандарга 2 млн сомдон ашык төлөм берди

Мамлекеттик Камсыздандыруу Уюму Бишкек мэриясы менен биргеликте жарандарга камсыздандыруу төлөмдөрүн тапшырды. Бул тууралуу уюмдан билдиришти. Маалыматка ылайык, 17 жаранга ОСАГО, ОСЖ жана ОСГОПП полистери боюнча жалпы 2 млн 157 миң 392 сом төлөндү. Ал эми регион боюнча жалпы төлөм 3 млн 350 миң 425 сомду түздү. Бул каражат жарандардын күтүүсүз

Ишкер Media
Бишкекте командалык-штабдык машыгуу өттү

Бишкекте командалык-штабдык машыгуу өттү

Бишкек шаарынын Октябрь районунда өзгөчө кырдаалдар учурунда аракеттенүү боюнча командалык-штабдык машыгуу өттү. Бул тууралуу мэриядан билдиришити. Маалымдалгандай, иш-чара Жарандык коргонуу даярдыгынын планына ылайык уюштурулду. Машыгуунун темасы - аммиак сыяктуу уулуу зат сыртка чыгып кеткенде авариялык-техникалык топтун аракеттери. Машыгууга мэриянын аппарат жетекчиси Руслан Сапарбеков, Октябрь районунун акими Жолдош Чуштуков

Ишкер Media
Кыргызстанда асыл тукум мал чарбасы боюнча инвестициялык долбоор талкууланды

Кыргызстанда асыл тукум мал чарбасы боюнча инвестициялык долбоор талкууланды

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министринин биринчи орун басары Илич Марсбек уулу БАЭден келген делегация менен жолугушту. Бул тууралуу министрликтен билдиришити. Маалымдалгандай, делегацияны доктор Хумайд Аль Кааби жетектеди. Жолугушууда Кыргызстанда заманбап асыл тукум мал чарбасын түзүү боюнча инвестициялык долбоор талкууланды. Министрлик Кыргызстанда кең жайыттар, ыңгайлуу климат

Ишкер Media
Ноокатта 140 орундуу көркөм сүрөт мектеп-интернаты курулуп бүттү

Ноокатта 140 орундуу көркөм сүрөт мектеп-интернаты курулуп бүттү

Ош облусунун Ноокат шаарында 140 орундуу көркөм сүрөт мектеп-интернатынын курулушу аяктады. Бул тууралуу Курулуш министрлиги билдирди. Маалыматка ылайык, долбоор министрлик тарабынан ишке ашырылды. Мектеп-интернат эки кабаттуу эки окуу корпусунан, спорттук блоктон жана өтмө галереядан турат. Жалпы аянты – 1904,25 чарчы метр. Имаратта заманбап окуу класстары, лабораториялар, компьютердик класс,

Ишкер Media