Кыргызстанда шайлоо мыйзамына бир катар өзгөртүүлөр киргизилди

Кыргызстанда шайлоо мыйзамына бир катар өзгөртүүлөр киргизилди

Президент Садыр Жапаров "Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө" конституциялык мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизген мыйзамга кол койду.

Президенттин администрациясынын маалыматына ылайык, мыйзам 2026-жылдын 24-июнунда Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган жана өлкөнүн шайлоо мыйзамдарын өркүндөтүүгө багытталган.

Жаңы өзгөртүүлөргө ылайык, Кыргыз Республикасынын Президентинин кезектеги шайлоосу президенттин ыйгарым укуктары аяктаган жылдын январь айынын төртүнчү шаршембисинде өткөрүлөт. Ага ылайык, кийинки президенттик шайлоо 2027-жылдын 27-январына белгиленди.

Ошондой эле Жогорку Кеңештин кезектеги шайлоосу учурдагы чакырылыштын конституциялык мөөнөтү аяктаган айдын шаршембисинде өткөрүлөт.

Мыйзамга ылайык, президенттик жана парламенттик шайлоо күнү менчигинин түрүнө карабастан бардык кызматкерлер үчүн эмгек акысы сакталган дем алыш күнү болуп эсептелет.

Мындан тышкары, мыйзам менен бир катар жаңы жоболор киргизилди. Атап айтканда:

  • "шайлоо дареги" институту жоюлду;
  • бир шайлоо участогундагы шайлоочулардын саны, эреже катары, 4 миңден ашпоого тийиш;
  • талапкерлер жана саясий партиялар документтерди тапшырардан мурда шайлоо фондун түзүүгө милдеттүү;
  • шайлоо төгүмү жеке шайлоо фондунун каражаттарынан төлөнөт;
  • кол тамгаларды булуттук санарип кол тамга (БСК) аркылуу санарип форматта же кол коюу барактары менен чогултууга мүмкүнчүлүк берилди.

Конституциялык мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Мындан тышкары окуңуз

Мамлекеттик Камсыздандыруу Уюму жарандарга 2 млн сомдон ашык төлөм берди

Мамлекеттик Камсыздандыруу Уюму жарандарга 2 млн сомдон ашык төлөм берди

Мамлекеттик Камсыздандыруу Уюму Бишкек мэриясы менен биргеликте жарандарга камсыздандыруу төлөмдөрүн тапшырды. Бул тууралуу уюмдан билдиришти. Маалыматка ылайык, 17 жаранга ОСАГО, ОСЖ жана ОСГОПП полистери боюнча жалпы 2 млн 157 миң 392 сом төлөндү. Ал эми регион боюнча жалпы төлөм 3 млн 350 миң 425 сомду түздү. Бул каражат жарандардын күтүүсүз

Ишкер Media
Бишкекте командалык-штабдык машыгуу өттү

Бишкекте командалык-штабдык машыгуу өттү

Бишкек шаарынын Октябрь районунда өзгөчө кырдаалдар учурунда аракеттенүү боюнча командалык-штабдык машыгуу өттү. Бул тууралуу мэриядан билдиришити. Маалымдалгандай, иш-чара Жарандык коргонуу даярдыгынын планына ылайык уюштурулду. Машыгуунун темасы - аммиак сыяктуу уулуу зат сыртка чыгып кеткенде авариялык-техникалык топтун аракеттери. Машыгууга мэриянын аппарат жетекчиси Руслан Сапарбеков, Октябрь районунун акими Жолдош Чуштуков

Ишкер Media
Кыргызстанда асыл тукум мал чарбасы боюнча инвестициялык долбоор талкууланды

Кыргызстанда асыл тукум мал чарбасы боюнча инвестициялык долбоор талкууланды

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министринин биринчи орун басары Илич Марсбек уулу БАЭден келген делегация менен жолугушту. Бул тууралуу министрликтен билдиришити. Маалымдалгандай, делегацияны доктор Хумайд Аль Кааби жетектеди. Жолугушууда Кыргызстанда заманбап асыл тукум мал чарбасын түзүү боюнча инвестициялык долбоор талкууланды. Министрлик Кыргызстанда кең жайыттар, ыңгайлуу климат

Ишкер Media
Ноокатта 140 орундуу көркөм сүрөт мектеп-интернаты курулуп бүттү

Ноокатта 140 орундуу көркөм сүрөт мектеп-интернаты курулуп бүттү

Ош облусунун Ноокат шаарында 140 орундуу көркөм сүрөт мектеп-интернатынын курулушу аяктады. Бул тууралуу Курулуш министрлиги билдирди. Маалыматка ылайык, долбоор министрлик тарабынан ишке ашырылды. Мектеп-интернат эки кабаттуу эки окуу корпусунан, спорттук блоктон жана өтмө галереядан турат. Жалпы аянты – 1904,25 чарчы метр. Имаратта заманбап окуу класстары, лабораториялар, компьютердик класс,

Ишкер Media