Туризм агенттиги: F1 H2O кайыктар жарышынын социалдык-экономикалык мааниси чоң

Туризм агенттиги: F1 H2O кайыктар жарышынын социалдык-экономикалык мааниси чоң

Ысык-Көлдө өтө турчу Формула-1: H2O эл аралык кайыктар жарышынын социалдык-экономикалык мааниси чоң экенин Туризмди өнүктүрүү боюнча мамлекеттик агенттиктин директорунун орун басары Эрденет Касымов "Биринчи радиого" берген маегинде билдирди.

"Иш-чаранын экономикалык натыйжасы ал аяктагандан кийин бааланат. Канча пайда алып келгени так эсептелет. Бирок бул мелдештин социалдык-экономикалык мааниси сөзсүз чоң болот. Жылдын жыйынтыгы чыкканда анын таасири дагы даана көрүнөт", – деди Эрденет Касымов.

Анын айтымында, мелдешке 10го жакын өлкөнүн командалары катышат. Жарыштар үч күн бою күнүнө болжол менен эки сааттан өтүп, калган убакта туристтер үчүн маданий жана көңүл ачуучу иш-чаралар уюштурулат.

Белгилей кетсек, буга чейин айрым экологдор Формула-1: H2O кайыктар жарышы Ысык-Көлдүн экологиясына терс таасирин тийгизиши мүмкүн экенин айтып чыгышкан. Буга жооп катары аталган агенттик мелдеште экологиялык талаптар толук сакталарын билдирди.

Эске сала кетсек, мелдеш 31-июлдан 2-августка чейин Ысык-Көлдүн Бает айылында өтөт.

Кыргызстандын экономика, бизнес, финансы тармактары боюнча маалыматтарды, ийгиликтүү ишкерлер менен болгон кызыктуу маектерди – Ишкер MEDIA сайтынын TelegramFacebookInstagramThreadsХ жана YouTube каналдарынан окуп, көрүп туруңуздар. Ишкер MEDIA менен Сиз ийгиликке жетишесиз!

Мындан тышкары окуңуз

Кыргызстан менен Өзбекстан билим берүү жаатындагы кызматташтыкты кеңейтет

Кыргызстан менен Өзбекстан билим берүү жаатындагы кызматташтыкты кеңейтет

Кыргызстандын жана Өзбекстандын жогорку окуу жайларынын ортосундагы билим берүү жана илим тармагындагы кызматташтыкты кеңейтүү маселелери ректорлордун III форумунда талкууланды. Бул тууралуу Министрлер Кабинетинин Басма сөз кызматынан билдиришти. Маалыматка ылайык, иш-чарага Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Улан Маматканов катышып, эки өлкөнүн стратегиялык өнөктөштүгүндө билим берүү жана илим тармагы өзгөчө орун

Кыргызстанга мобилдик медициналык клиникалар ноябрда өткөрүлүп берилет

Кыргызстанга мобилдик медициналык клиникалар ноябрда өткөрүлүп берилет

Кыргызстанда Король Абдулланын гуманитардык жардам фонду тарабынан каржыланган мобилдик көп тармактуу медициналык клиника долбоорунун жыйынтыктары жана медициналык комплекстерди өткөрүп берүү маселеси талкууланды. Финансы министрлигинин маалыматына ылайык, 28-июлда Финансы министринин биринчи орун басары Талас Айдарбек уулу Король Абдулланын гуманитардык жардам фондунун (KAHF) Башкы аткаруучу директору доктор Абдулазиз бин Фахад Аль-

Кыргызстанда курулуп жаткан жер семирткич заводу үчүн адистер Кытайда даярдалат

Кыргызстанда курулуп жаткан жер семирткич заводу үчүн адистер Кытайда даярдалат

Кыргызстандын делегациясы Кытай Эл Республикасында жер семирткич өндүрүшүн өнүктүрүү боюнча кызматташуу маселелерин талкуулап, келечектеги завод үчүн адистерди даярдоо боюнча макулдашууларга кол койду. Айыл чарба министрлигинин маалыматына ылайык, иш сапар Министрлер Кабинетинин буйругу менен түзүлгөн Кыргызстанда жер семирткич өндүрүүчү завод куруу боюнча ведомстволор аралык жумушчу топтун алкагында уюштурулду. Делегацияны Айыл чарба

Ысык-Көлдө мыйзамсыз иштеген коомдук тамактануучу жайга айып пул салынды

Ысык-Көлдө мыйзамсыз иштеген коомдук тамактануучу жайга айып пул салынды

Ысык-Көл облусунун Кара-Ой айылында архитектуралык-уруксат берүүчү документтери жок мыйзамсыз пайдаланылып келген коомдук тамактануучу жайга 200 миң сом айып пул салынды. Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигине караштуу Мамлекеттик архитектура-курулуш контролдоо департаментинин маалыматына ылайык, мыйзам бузуу аймактагы курулуш объектилерин текшерүүнүн жүрүшүндө аныкталган. Тактап айтканда, Кара-